Парламент биринчи окууда Казакстандын 100$ млн жардамынан баш тартууну колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандын Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп берүүсүн шарттаган келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. Кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин жардамдан баш тартууну чечкен.

Казакстан менен келишимди жокко чыгаруу үчүн 120 депуттатын ичинен 108и добуш берген.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өлкөлөр Казакстандын 100 млн доллар бөлүп берүүсү боюнча 2014-жылы эле макулдашышканын айтты. Бирок, анын айтымында, казак тарап аны бүгүнкү күнгө чейин которгон эмес.

Бул каражатка Кыргызстандын өкмөтү лаборатория курууну пландап жаткан болчу.

«Биз алардын жардамын күтпөй эле бюджеттин эсебинен лаборатория курдук, дагы да курабыз. Албетте бизге кыйын болот, бирок эгерде биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди башка эч ким сыйлабайт, ошондуктан денонсация кылууну чечтик», — деген Зилалиев.

Парламент келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы уктуруунун дагы эки окуусунда карап чыгышы керек.

Мурдараак 100 млн доллардан баш тартууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, 15-октябрда Кыргызстан Казакстандын жардамына «муктаж эмес» деп билдирген.

«Азыр мени казактар бизге 100 млн доллар берип жатканына жемелешүүдө […]. Бул техникалык жардам деп аталат. Биз аларга көйгөйлөрүбүз менен баргыча алар үч жыл күтүштү. Чындыгын айтканда, бизге мындай жардамдын керекги жок», — деп билдирген президент.

Кыргызстандын өкмөтү документти парламентке 20-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошуп кеткенден кийин жөнөткөн.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын 5 июлунда кол койгон. Каражаттар Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуудагы жол картасын түзүүгө, бажы бекеттеринин техникалык абалын жакшыртууга жана жабдуулоого, ошондой эле, ветеринардык жана карантин тутумдарын жаңылоого сарпталмак.

Дипломатиялык чыр

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин начарлап кеткен.

Андан кийин кыргыз-казак чек арасынан өтүү көйгөйлөрү жарала баштаган — көзөмөл өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындай пайда боло баштаган.

Казак чек арачылары бул нерсени террористтер менен аткезчилерди аныктоо боюнча «пландык операциялар» менен түшүндүрүшкөн.

Чек арадагы абал эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрүнүн 18-октябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшырган — жеке жактар, бош унаалар жана жүргүнчү таашыгандар чек арадан тездетилген тартипте өтө башташкан.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убадалашкан, бирок чек арадагы фуралардын абалы мурдагыдай эле калууда. Чек ара кызматынын 25-октябрга карата маалыматына ылайык, учурда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 500гө жакын фура турат.


ТЕМА БОЮНЧА: