Новиков: Казакстан менен чектеш чек арадагы кырдаал — «соода-сатыкты жашыруун чектөө»

Экономика министри Артем Новиков оорлоштурулган чек арадан өтүүнү «соода-сатыкты жашыруун чектөө» деп атады. Новиковдун айтымында, Экономика министрлиги чек арадагы маселелерди чечүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясына Казакстанга карата арыз жөнөткөн.

Новиков 27-октябрдагы маалымат жыйынында билдиргендей, азырынча өндүрүмдөр кыргыз-казак чек арасынан чектөөсүз өтө баштаары боюнча меселе качан чечилээри белгисиз.

«Учурдагы кырдаалдын чечилиши боюнча так мөөнөттөрдү атай албайм. Бул кырдаалдын аталышын да тагыраак атоо кыйын, биз биринчи жолу мындай чектөөлөргө кабылып жатабыз. Бул жерде "соода-сатыкты жашыруун чектөө" деген терминди колдонуу туурараак болот», — деди министр.

Ошондой эле, аталган мекеменин башчысы Экономика министрлиги соода-сатыктын келишимдери бузулганы үчүн Евразия экономикалык биримдигине Казакстанга карата арыз жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, комиссия азырынча арызды кароонун так мөөнөтүн белгилей элек.

«Абал жөнгө салынат деп үмүт кылуудабыз. Эгерде көйгөй жөнгө салынбаса ЕАЭБден чыгуу маселеси саясий деңгээлде кабыл алынат», — деди Новиков.

Новиковдун айтымында, ишкерлер чек арадагы тартиптин айынан чоң чыгымдарды тартышууда. Ошондой эле, экономика министри билдиргендей, ишкерлер ассоциациясы менен чыгымдардын ордун толтуруп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

«Чыгымдар боюнча толук түшүнүм болот. Мисалы, насыялардын мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Андан соң биздин өндүрүшчүлөрдү колдоо механизмдери сунушталат», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: