Самара-гейт: МКК иликтөөдө жардам сурап «Клоопко» кайрылган эмес

МККнын мурдагы төрагасы Дастан Догоев.

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) samara.kg сайтынын кыска убакытта өздөрүнүн серверинде болгону боюнча ички иликтөө жүргүздү. Ошол эле учурда, аталган кызмат иликтөөнүн авторлору менен көз карандысыз техникалык адистерге кайрылган эмес.

Quriumдун санарип криминалисттери менен «Самаранын» иликтөөсүнүн авторлорунун айтымында, МКК шайлоо учурунда өкмөттүн 212.112.124.142 серверинде мамлекеттик эмес сайттын турганы боюнча далилдерди алуу үчүн алар менен байланышкан эмес.

Ал эми өкмөттүн 212.112.124.142 сервери — өлкөдө эң маанилүү, себеби ал Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын иштетүү менен алектенет. Ал аркылуу бул маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алса болот.

МККнын басма сөз катчысы Мэлис Эржигитов Kloop.kgге билдиргендей, алардын кызматы «Самара» жөнүндө жарыялангандан кийин өз алдынча иликтөө жүргүзгөн — текшерүүнү алардын өз эксперттери жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. «Биздин чет жакта окуп келген жогорку тажрыйбалуу айтишниктерибиз бар», — деди ал.

Ошондой эле, компьютердик окуяларга реакция кылган борбор дагы Kloop.kgге билдиргендей, МКК аларга экспертиза жагынан жардам сурап кайрылган эмес. Бул борбор меморандумдун алкаганыда коопсуздук маселелери боюнча МККга консультация берип турат.

МККнын кызматтык иликтөөсү 27-октябрда башталып, бир күнгө созулду. 28-октябрда МККнын басма сөз кызматы маалымат таратып, анда ал келтирилген далилдерге карабастан алардын серверинде samara.kg сайты болгонун четке каккан.

«Эч кандай жеке сайт веб-серверлерде болгон эмес жана маалыматтар базасы ачык түрдө камсыздалбайт, себеп дегенде маалымат коопсуздугу боюнча саясат менен талаптар мындай нерселерди жокко чыгарат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Аталган мекемедегилер жарандардын маалыматтары «эч кимдин кирүүгө түз мүмкүнчүлүгү жок өзүнчө бир ондогон маалымат базаларында сакталат» деп билдирүүдө.

МКК бузуп кирүүнү четке кагып, Kloop.kgнин редакциясы менен иликтөөнүн авторлорунан ачык төгүндөөнү талап кылууда, анткени ал коомчулукту ыктымал «жаңылыштырууда» жана «чындыкка коошпойт».  

Kloop.kgнин редакциясы samara.kg сайтынын өкмөттүн серверинде болгону боюнча далилденген фактыларды төгүнгө чыгаруудан баш тартты. Иликтөөнүн авторлору МКК бузуп кирүү болгон эмес деген билдирүүсү менен өздөрүн айыпталуучулардын позициясына коюп алды деп эсептейт.

«Бузуп ачуу болгон эмес деген билдирүү менен МКК бул версияны жокко чыгарып, бул "Самаранын" иштөөсүн өз кызматкерлери камсыздашы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) калтырды», — деп билдирди редакция.

Kloop.kgнин редакциясы эми иликтөө менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура алектениши керек деп эсептейт, анткени МКК өз билдирүүсү менен ишенимди жоготту.

Kloop.kgнин «Самара» боюнча иликтөөсү

Kloop.kgнин редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай аралыгында шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспотторунун номерлери, ИННи, аты-жөндөрү жана шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтар болгон.

Өкмөттүк сервердин тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн президенттик шайлоодо шайлоо кампаниясынын жүрүшүн олуттуу түрдө жеңилдетип, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарынын коопсуздугун коркунучка дуушар кылышы мүмкүн болчу.

Аталган мекеме «артында эски убакыттарга куса болгон кандайдыр бир саясий күчтөр турат» деп, жарыяланган иликтөөнү «жаңы шайлоолор технологиясынын беделин кетирүү аракети» деп атаган.

Ал эми Kloop.kgнин редакциясы өкмөттүн серверинде башка сайттын болгон фактысы далилденгенине карабастан МККнын жообун «мындай маанилүү органдын жогорку адистигине дал келбегендик» деп атаган.

«"Шайлоо технологияларынын беделин түшүрүү" — бул мамлекеттик ишмердикке байланыштыгы жок башка сайтка жарандардын персоналдык маалыматтарын иштеткен маанилүү делген өкмөттүк серверде болуусуна мүмкүндүк берүү», — деп айтышкан иликтөөнүн авторлору.

Ошондой эле, «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фондусунун эксперттери билдиришкендей, «Самара» боюнча иликтөө жарандардын пресоналдык маалыматтары корголбой турганын көрсөткөн.

«Мындай тутумдардын болуусу фактыларынын ачыкка чыгарылышы же шайлоочулардын талапкерлерден персоналдык каттарды алышы боюнча маалыматтар буга чейин биз билдирген коркунучтарды тастыктады: бизде жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн талаптагыдай тутум жок», — деп билдиришти фонддон.

Авторлошу: Метин Жумагулов


ТЕМА БОЮНЧА: