Кыргыз ишкери жана белгилүү меценат Бабур Төлбаев феминизмди «терроризм», ал эми аялдардын лидерлигин «хрень» деп атады. Бишкектин феминисттик демилгесинин өкүлү анын сөздөрүн «коомчулук үчүн кооптуу» деп эсептеди.

Кыргызстанда белгилүү меценат — «Мол Булак» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси — Бабур Төлбаев «Раз на Раз» берүүсүнө маек курду. Талкуунун темасы аялдар, феминизм жана ишкердин көп аялдуулукка мамилеси болду.

Видеонун толугун шилтеме аркылуу көрсө болот.

«Аялдардын көпчүлүгү супер ишкер айым, лидер болууну каалашат — кечирим сурайм, бул нерсенин бардыгы хрень. Феминизм — бул терроризм, бул ошол эле радикализмдин түрү», — деп жооп берди Төлбаев алып баруучунун суроолорунун бирине.

Анын оюнча, аялдарга билим алуу сөзсүз эмес, «максималдуу көп бала төрөш» үчүн 30 жашка чейин турмушка чыгуу керек.

«Ошондуктан кыздар үчүн эң эле мыкты MBA (ишкерликти башкаруу боюнча магистрлик даража — ред. эскертүүсү) — бул турмушка чыгуу, үй чарбасы менен алектенүү, балдар жана күйөөсү менен алектенүү». Ишенип койгула, мына ушул тажрыйбаны эч бир MBA бербейт», — деп эсептейт Төлбаев.

Ишкердин жооптору коомдук тармактарда ар кандай реакцияларды жаратты — аны аялдарга карата кемсинтүүгө сындай башташты, башкалары (басымдуу бөлүгү эркектер) таасирдүү меценатты колдошту.

«Билдирүүлөр коомчулук үчүн коопту»

Бишкектин феминисттик демилгесинин өкүлү Айзат Шакиева Төлбаевдин билдирүүлөрүн «аялдарга карата көрө албастык» деп эсептейт.

«Бул аялдарга карата көрө албастык жана өтө мизогинисттик билдирүү. Мындай билдирүүлөр биздин коомчулук үчүн өтө коопту, анткени бул менен күрөшүш керек жана бул өтө жаман, капалуу», — деди ал.

Ошондой эле, Шакиева алардын кыймылы анын билдирүүлөрүн талкулоо үчүн Төлбаев менен жолугабы же жокпу билбестигин кошумчалады.

«Коомдук тармактарда ар бир экинчи ар нерсени айта алат. Мен билбейм эмне үчүн анын билдирүүсү мынчалык чуу жаратканын. Жеке мен бул адамга энергия коротпойт болчумун, анткени система менен күрөшүү керек, бул коомдун көйгөйү», — деди ал.

Ал эми Төлбаев өзү материалды жарыялоо учурунда комментарийлерге жеткиликсиз болду.

«Пикир билдирүүгө укук»

Төлбаевдин сөздөрүн коомдук тармактардын колдонуучуларынын башка бөлүгү колдоду — Урмат Насыкулов ишкер «жеке пикирин билдирүүгө укуктуу» деп жазган.

«Исламда аялдын коомдогу ролу бийик жана барктуу. Алар билим алууга, иштегенге укуктуу, бирок артыктуусу — үй бүлө. Менимче, Бабур Төлбаев ушуну айткысы келсе керек. Өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Силер макул болбогонго да укугуңар бар», — деп жазган коомдук тармактын колдонуучусу.

Башкалар болсо «анын сөздөрүнүн маанисин бузбай» жана «Төлбаевди жаман атту кылбоону» суранышты.  

«Ак көңүл адамдар толугу менен жаман атту кылуунун кереги жок. Ал эркекти аялдарга кандай мамиле кылса ошону менен гана баалоо керек деп айтпадыбы. Ал өз аялынын үйдөгү иштерин абдан барктайт жана башка ушундай сыяктуу», — деп жазган Эркайым Жуматаева.

Блогер жана жарандык активист  Данияр Айтман өз фэйсбугунда Төлбаевдин өзү «террорист» деп атады. Ал ушундай сыяктуу билдирүүлөрдөн улам Кыргызстанда «аялдарды экинчи сорттогу жандар» деп эсептеген эркектер чоңоюуп жатат деп белгиледи.  

«Сиз эгерде аялдар жөнүндө барктабай тургандай айтып койсоңуз эле бардыгы сизди "абдан кыйын эркек" деп эсептеп калышат деп ойлойсузбу? Жаңылышасыз […] Кеч болуп кала электе сөздөрүңүздү артка алыңыз. Кыргызстандын аялдарынын алдында кечирим сураңыз. Улам-улам көрүп жатам, ар бир жолкусунда түкүргүм келет», — деп нааразы болгон Айтман.


ТЕМА БОЮНЧА: