Казакстан эгерде Кыргызстан бажысынын ишин жакшыртпаса чек арадагы көзөмөлдү күчөтөт

Казакстандын бийлиги эгерде Кыргызстан өз бажысындагы кемчиликтерди жойбой турган болсо казак-кыргыз чек арасындагы көзөмөлдү күчөтмөкчү.

Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин журналисттерге алар кыргыз тараптын чек арадагы бажы көзөмөлүн качан жакшырта турганын күтүп жатышканын айткан.

«Кыргыз тарап талаптарга макул экенин билдирген, бирок азырынча эч кандай расмий жооп келе элек. Биз дагы деле күтүүдөбүз. Бардык керектүү маалыматтарды биз аларга жөнөткөнбүз. Бизде тийиштүү келишимдер бар, эми аларга кол коюп, расмий бекитүү керек», — деди Амрин.

Анын айтымында, чек арадагы кырдаалды чечүү үчүн салыктарды теңдеп, ошондой эле, Кыргызстан үчүн дагы Казакстан үчүн дагы товарлардын бирдей баасын киргизүү керек.

Ал өлкөлөр бул маселелер боюнча келишимдерге жетишкенине бир апта өткөнүн кошумчалап, бирок кыргыз тараптан расмий жооп жок экенин айтты.

«Мен кайталап айтып койгум келет, биз көйгөйдү биргелешип чечүүгө аракет кылышыбыз керек, анткени биз бир тууган өлкө болуп эсептелебиз. Эгерде алар бул нерсеге макул болушпаса, биз чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү уланта беребиз. Биз бул нерсени ачык айтуудабыз», — деп билдирди Амрин.

Амриндин айтымында, кыргыз бажысындагы кырдаал «бир күндө пайда болгон эмес» жана Евразия экономикалык комиссиясы мекеменин ишиндеги «кемчиликтерди» тастыктай алган.

«Жол картасы»

Кыргызстандын экономика Артем Новиков 25-октябрда билдиргендей, Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы абалды жөнгө салууга багытталган жол картасына кол коюуга баш тарткан.

Анын айтымында, казак тарап «жол картасына кол коюлганын эсепке алганда деле чек ара ачылбасын, эркин кыймыл болбосун» маалымдаган.

Ошондой эле, Новиков кыргыз менен казак тарап жол картасынын 48 пунктунун ичинен 43ү боюнча толук түрдө өз ара түшүнүк табышып, жазылган шарттар негизинен Кыргызстандын милдеттенмелерин түзгөнүн айткан.

Казакстан өзүнүн чек арадагы көзөмөлүн күчөткөнүн Кыргызстандан чыгып жаткан аткез менен түшүндүргөн. Бирок кыргыз тарап мындай көйгөй бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар деп эсептейт.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин оорлошуп кеткен.

Өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып жаткан учурда Атамбаев казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Андан кийин кыргыз-казак чек арасынан өтүү көйгөйлөрү жарала баштаган — көзөмөл өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындай пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен. Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсү.

2017-жылдын 1-ноябрына карата кыргыз-казак өткөрмө бекеттеринде 700дөн ашуун жүктүү унаалар чогулуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: