Чек арада чыгым тарткан ишкерлерге насыяларды төлөө мөөнөтү 5 жылга жылдырылат

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам жабыркаган ишкерлер үчүн насыяларды төөлөө мөнөтү беш жылга чейин жылдырылат. Буга чейин зыян тарткан ишкерлердин чыгымын баалоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы насыяларды төлөө мөөнөтүн беш жылга чейин жылдыруу киргизилип жатканын билдирди.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, өкмөттө ишкерлерди колдоого багытталган бир катар чаралар: салык жеңилдетүүлөр, бажы төлөмдөрү боюнча чаралар жана социалдык чегерүүлөр иштелип чыккан.

Мурдараак Экономика министрлиги чек арадагы кырдаалдан улам жабыркаган ишкерлердин чыгымдарынын өлчөмүн баалаган атайын комиссия түзгөн.

Ошондой эле, Ички иштер министрлиги менен Транспорт министрлиги чек арадагы абал боюнча мониторинг жүргүзүүдө.

2017-жылдын 1-ноябрына карата кыргыз-казак өткөрмө бекеттеринде 700дөн ашуун жүктүү унаалар чогулуп калган.

Экономика министри Артем Новиков билдиргендей, ишкерлер чек арада бир сутка турушу менен 23 миң долларга чейин каражат жоготушууда.

Буга чейин Кыргызстандын ишкерлери кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам тарткан жоготууларын толтуруу үчүн ЕАЭБдин сотуна кайрыла турганын айтып чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: