Экономика министрлиги: Казак жардамынан баш тардуудан улам Кыргызстандын 11 мекемеси каражат албай калат

Экономика министрлиги отчёт жарыялаган, ага ылайык, Казакстан менен болгон келишимди денонсациялоодон улам Кыргызстандын 11 мекемеси тийиштүү каржылоону албай калат. Буга чейин парламенттин депутаттары үчүнчү окууда Казакстан бөлүп бере турган 100 млн доллар жардамдан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Казакстандын 41 млн доллар өлчөмүндөгү алгачкы которо турган каражаты Кыргызстандын кийинки мекемелерине берилмек:

  • Бажы кызматы — 3 286 800 млн доллар;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти — 5 199 463 млн доллар;
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти — 1 863 523 млн доллар;
  • Мамлекеттик байланыш агенттиги — 553 000 миң доллар;
  • ӨКМ — 749 621 миң доллар;
  • Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу борбору — 4 622 486 млн доллар;
  • Экономика министрлигине караштуу «Бирдиктүү терезе борбору» — 1 698 700 млн долларов;
  • «Кыргызтемиржолу» — 577 840 миң доллар;
  • Айыл чарба министрлиги — 6 166 281 млн доллар;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция — 15 833 718 млн доллар;
  • Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти — 486 663 миң доллар;

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын июлунда кол койгон.

Бул каражатка Кыргызстандын өкмөтү лаборатория курууну пландап жаткан болчу. Бирок вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү бардык керектүү лабораторияларды өз акчасына эле куруп алган.

Мурдараак 100 млн доллардан баш тартууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, 15-октябрда Кыргызстан Казакстандын жардамына «муктаж эмес» деп билдирген.

«Азыр мени казактар бизге 100 млн доллар берип жатканына жемелешүүдө […]. Бул техникалык жардам деп аталат. Биз аларга көйгөйлөрүбүз менен баргыча алар үч жыл күтүштү. Чындыгын айтканда, бизге мындай жардамдын кереги жок», — деп билдирген президент.

Кыргызстандын өкмөтү документти парламентке 20-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошуп кеткенден кийин жөнөткөн.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен ал аларды өлкөнүн байлыктарын «уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин оорлоштурган — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал 18-октябрда жакшырган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Кыргызстандын чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, 8-ноябрь күнү эртең менен «Ак-Тилек» бекетинде 45 жүктүү унаа катталган. Казак чек арачылары бош жана транзиттик жүктүү унааларды текшерүүсүз өткөрө башташкан. Калган көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: