Кыргызстандын өкмөтү Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тарткан жатат

Кыргызстандын өкмөтү парламентке Казакстан тараптын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун жөнөттү. Буга чейин казак бийлиги Кыргызстандын ЕАЭБге интеграциясы үчүн Кыргызстанга акча болүүгө даяр экенин билдирген.

Парламенттин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына маалымдашкандай, аларга Казакстан тараптын техникалык жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоору келип түшкөн, бирок документти кароо үчүн комитеттерге жөнөтүшө элек.

Бул мыйзам долбоору Казакстан менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2016-жылы кол коюулган келишимди жокко чыгарат.

Документке ылайык, казак тарап Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине интеграция болуусуна көмөктөшүү үчүн Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп бериши керек болчу.

Буга чейин Казакстандын экономика министрлиги Кыргызстанга бул каражаттарды бөлүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын 5 июлунда кол койгон.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Казакстан тарабынын техникалык жардамын Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуудагы жол картасын түзүүгө, бажы бекеттеринин техникалык абалын жакшыртууга жана жабдуулоого, ошондой эле, ветеринардык жана карантин тутумдарын жаңылоого сарптоо пландалган.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигин дарегине жагымсыз сөздөрдү айтуусунан кийин оорлошуп кеткен. 10-октябрдан баштап бир жумадан ашык убакыт Казакстан менен чектеш чек арада чоң кезек күүтүүлөр пайда болуп, авто унаа тыгындары чыга баштаган.

Бирок 18-октябрда эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чек арадагы кырдаал жакшыра баштаган.

Эки өкмөттүн башчылары жүктөрү бар жеке жактар, жүргүнчү ташыган автобустар жана бош оор жүк унаалары чек арадан «жеңилдетилген тартипте» өтө башташаарын келишишкен.

Бирок аткаминерлерлер жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убада кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: