Президенттик аппарат: Жээнбековдун инаугурациясынын чыгымы 13 миллион сомдон аз болушу мүмкүн

Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдиргендей, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын чыгымдары мурдараак аталган 13 млн сомдон аз болушу мүмкүн. Учурда салтанаттын чыгымдарынын эсептери бекитүүдөн өтүүдө.

Инаугурацияны өткөрүү жана уюштуруу боюнча комитетти жетектеген Алмаз Үсөнов билдиргендей, инаугурация салтанатын өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасы азырынча бекитиле элек.

«Каржы министри Адылбек Касымалиев болгону бюджетте каралган 13,1 млн сом өлчөмүндөгү каражатты ачыктады. […] Президенттин иш башкармалыгы менен өкмөттүн маалыматына ылайык, чыгымдардын өлчөмү абдан эле аз болушу мүмкүн», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Салтанатты өткөрүүнүн чыгымдарына орун жайларды жасалгалоо, транспорт кызматтарын төлөө, жабдыктарды ижарага алуу, Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүсүнүн урматына арналган расмий адамдарды кабыл алуу, концерттик программалар, басмакана кызматтарын төлөө жана башкалар кирет.

Инаугурация салтанаты 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Инаугурацияга башка мамлекеттердин башчылары чакырылган эмес.

Бул жылы Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдагы инаугурациясына салыштырмалуу салтанатка бюджеттен 3 млн сомго көбүрөөк акча каралган — ал учурда бийлик 10 млн сом жумшаган.

Инаугурацияга бардыгынан көп каражатты 2009-жылы кулатылган президент Курманбек Бакиев сарптаган — анын салтанатына бюджеттен 20 млн сом жумшалган.


ТЕМА БОЮНЧА: