Таластагы митингдин уюштуруучуларынын бири кармалды

Милиция Таластагы тынчтык митингинин уюштуруучуларынын бирин кармап, Бишкекке алып кетишти. Сот анын жаза өтөө чарасын чыгарышы керек.

Маалымат саат 18:07де жаңыртылды

Активист Мавлян Аскарбеков «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, милиция кечинде Таластатагы митингдин уюштуруучуларынын бири Шамбет Кубатбековду кармаган. Аскарбековдун айтымында, кармашкандан кийин аны Бишкекке алып кетишкен.

Аскарбеков түшүндүргөндөй, Кубатбеков ИИМдин мурдагы кызматкери, ага каршы жети жыл мурда кылмыш иши козголуп, бирок кийинчерээк кайра жабылган.

«Бизге маалым болгондой, бул кылмыш ишин кайра ачышып, кече күнү кечинде кармашкан», — деди Аскарбеков.

Бирок ал милиция Кубатбековду митингдерди уюштуруу үчүн кармашпай тургандыктары керек болчу экенин кошумчалады.

«Конституцияда ар бир жаран уюштуругаа жана митингге чыгууга укугу бар экени жазылган. Алар жалган же кандайдыр бир арыздар менен кылмыш ишин жандандырышты», — деди активист.

Аскарбеков Таластагы митингдин катышуучуларын кармоону «ачык кысым» деп атады, анткени 2-ноябрда эле митингдин дагы үч катышуучусу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чакырылган болчу.

«Башка уюштуруучулар Айбек Мырзага, Аманбол Балакулов менен Төрөкан Жунусбековго бийлик тарабынан күч колдонуу кысымы жүрүүдө […] УКМКда аларга карата ачык эле коркутуулар болуп, митингдерге катышпоолору үчүн эскертүүлөрдү беришкен», — деди Аскарбеков.

Анын айтымында, бардык үчөө тең УКМКга мыйзамсыз чакыруу кагазы менен чакырылышкан, анткени адамдардын процессуалдык макамдары аныкталган эмес.

«Тагыраак айтканда алар жөн гана чакыруу кагазын жазышып, кандайдыр бир жабдык аркылуу алардын жүргөн жерлерин аныкташып туруп, суракка келүүгө мажбур кылышкан», — деди Аскарбеков.

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Кубатбековдун кармалышынын «Талас шаарында өткөн митингге эч кандай тиешеси жок».

«Кубатбеков ИИБдин начальниги болуп турган кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланганды деп шектелип жатат. Буга чейин транспорттук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон», — деди ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Учурда Кубатбеков Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунда камакта.

Таластагы митинг

Таластагы биринчи митинг 16-октябрда өткөн. Чогулгандар аянтка утулуп калган президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун колдоосуна чыгышкан. Жолугушууда чогулгандарды «Манас» эпосундагы саптар менен тынчтандыргысы келген өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев болгон.

Бирок митингчилер аны угушпастан, эпосту бир гана манасчы окушу керек деп билдиришкен.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 18-октябрда өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге «Манас» эпосунун саптарын окутушпай койгон таластыктар үчүн ага «уят» болгонун билдирген.

Ошондон кийин таластыктар айтылган сөздөр үчүн президенттен кечирим суроону талап кылышып, үч жолу митингге чыгышкан.

Митингчилер эгер президент менен өлкөнүн бийликтегилери мындан ары дагы алардын талаптарын көңүл сыртында калтыра берсе, алар Бишкекке келип, курултай өткөрүүнү убада кылышкан. Курултайды өткөрүү күнүн 18-ноябрга белгилешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: