Атамбаев Казакстандын бийлигинен кечирим сурабайт

Президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, Казакстандын бийлигин сындаганы үчүн кечирим сурабайт. Атамбаев кечиримди «Бетпактык менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкендер» сурашы керек деп айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Туруктуу өнүктүүрү боюнча улуттук кеңеште сүйлөп жатып кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйгө көңүл буруп, Казакстандын бийлигинен өз сын-пикири үчүн кечирим сурабастыгын билдирди.

«Эмне үчүн мен кечирим сурашым керек? Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү суранганым үчүнбү? Башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө тыюу салган Кыргызстандын жана ошол элек Казакстандын мыйзамдарын сыйлоо керектиги үчүнбү?» — деди Атамбаев.

Ошондой эле, ал президент кечирим сурап, «бутуна чөгөлөшү» керек деп «кыйыкырып» жатышкан «парламенттин айрым саясатчы сөрөйлөрүн» «саясий заңдар» деп атады.

Президент билдиргендей, кечиримди «Бетпактык менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жаткандар» сурашы керек.

«Өз эрежелерин, өз мыйзамдарын, өз коррупциясын бизге таңуулагысы келгендер. Өздөрүнүн кол баласын Кыргызстандын башчылыгына отургузгусу келгендер. Ооба, алардын кол баласы отурат, бирок Кыргызстандын башчылыгына эмес, түрмөгө отурат», — деп билдирди Атамбаев.

Незинен президент сентябрдын ортосунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду айткысы келсе керек.

Шайлоодон кийин башкы прокуратура «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Учурда саясатчынын кайсы жакта экени белгисиз. Мурдараак ал Москвада даарыланып жаткан болчу.

ЕАЭБди бузуу жөнүндө

Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу «туура чечим» болгонун жана өлкө ал жакка «чоң үмүт» менен кошулганын айткан.  

Ал орусиялык жана казак басылмаларынын «Атамбаев биримдикти кулатууну каалап жатат» деген билдирүүлөрүн «сандырак» деп атады.  

«Бирок чыныгы реалдуулук ушундай, Кыргызстан Казакстандын жетекчилигинин кесирлигинен улам бир айдан ашык башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бөлүнүп калды. Ошондо ким ЕАЭБди бузуп жатат?» — деди Атамбаев.

Мындан тышкары, президент ЕАЭБдеги кол коюлган келишимдер «айрым президенттердин кесирлиги менен кежирлигинен» улам экономикалык мамилелер жөнгө салынбай жатканын билдирип, башка өлкөлөрдүн биримдикке кошулуусун күмөн саноого калтырды.

«Ким кагаздагы гана мындай биримдикке реалдуу кошулгусу келет? Бир дагы келишим менен бир дагы сүйлөшүүлөр ишке ашпаган биримдикке? Болгону кандайдыр бир кежирликтер менен кесирленүүлөр ишке ашкан?» — деди Атамбаев.

Атамбаевди ЕАЭБге кирген өлкө башчыларынын кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга болгон «көңүл коштугу менен камаарабагандыктары» таң калдырган.

«Коңгуроо кагып, чуркашы керек болгон Евразия экономикалык комиссиясынын Тигран Саркиясян баштаган жетекчилигине бары бир экен! […] Чындыгында бүгүнкү күндө Казакстандын жетекчилиги менен Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилиги дүйнөлүк коомчулук менен биздин аймактагы коңшуларыбыздын көзүнчө ЕАЭБдин бедели менен зоболосуна түзөлбөс зыян тийгизилидүүдө», — деди Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам ИДПнын 0,3 пайызга жакынын жоготот, бирок өлкө «бул нерсени башынан кечире алат».

Президент буга чейин дагы Казакстанды биримдикти таркатуу үчүн айыптаган. Атамбаев 18-октябрда президенттик стипендианттардын алдында сүйлөп жатып, Казакстандын айрым бир аракеттери «ЕАЭБди таркатууга багытталган» деп билдирген.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык араздашуу

Кыргызстан менен Казакстандын мамилелери 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин өлкөнүн «байлыгын уурдады» жана «Бакиевди жакшы көрөт» деп күнөөлөгөндөн кийин бузулуп кеткен.  

Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине болгон сын-пикирлери мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусунан улам айтылган.

Анда Кыргызстандын бийлиги жолугушууну Казакстандын өлкөнүн ички иштерине «кийлигишүү аракети» катары кабылдаган. Казакстандын бийлиги кыргыз тараптын айыптоолорун «жоромолдор» деп атаган.

Кыргыз-казак чек арасында 10-октябрда адамдардын кезек күтүүлөрү жарала баштап, унаалардын тыгындары пайда боло баштаган. Казак бийлиги чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү Кыргызстандан Казакстанга чыгып жаткан Кытайдын аткези жана «мыйзамсыз импортко» болгон күрөш менен түшүндүргөн.   

13-ноябрга карата маалыматтарга ылайык, кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашуун жүктүү унаа тыгындарда турат.

Авторлошу: Рустам Халимов


ТЕМА БОЮНЧА: