Huawei Кыргызстандын жолдорунда камераларды орнотушу мүмкүн

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытайдын Huawei компаниясы менен «жигердүү сүйлөшүүлөр» жүргүзүлүп жатканын Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинен билдиришти. Бирок кайсы компания жолдордо камераларды орното турганы тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин башчысы Нурбек Абасканов «24.kg» басылмасына курган маегинде билдиргендей, Huawei «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырышы мүмкүн.

«"Акылдуу шаар" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр көптөгөн компаниялар менен жүргүзүлүүдө. Бирок алар Huawei менен жигердүү жүргүзүлүп жатат. Учурда биз келишимдин шарттарын талкуулап жатабыз. Эгерде шарттар боюнча келише алсак "Акылдуу шаарды" Huawei ишке ашырат», — деди Абасканов.

Премьер-министр Сапар Исаковдун билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын жолдорундагы коопсуздукту камсыздоо максатында өкмөттүн «Таза коом» программасына кирген «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашырылат.

Бийлик айдоочулардын жол кыймылынын эреже бузууларын каттоо үчүн фото жана видеобайкоо камераларын орнотот.

Өкмөттүн планында камералар Бишкек менен Оштун жолорунда 30-ноябрга чейин орнотулушу керек деп көрсөтүлгөн.

Huawei — Кытайдын телекоммуникациялар тармагында ири компаниялардын бири. Компанияда шаарларды көзөмөлдөөнү иштеткен «Акылдуу шаар» деген аталыштагы тутум иштелип чыккан.

Мындан тышкары, июндун башында Сапар Исаков Huawei Technologies Bishkek компаниясынын директору Чжан Чжицзян менен жолугушкан болчу.

Компания ошондо эле Кыргызстандын өкмөтүнө «Таза коом» программасын ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү сунуштаган.

«Бүгүнкү күндө Huawei "Акылдуу өлкө", "Коопсуз шаар" жана башка көптөгөн мамлекеттик масштабдагы долбоорлорду ишке ашырган. Компаниянын ээ болгон бул тажрыйбалары менен билимдерин колдонуп, биз аларды Кыргызстанда ишке ашырууга жардам бере алабыз», — деп билдирди ал.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ жолу жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бирок учурда бийлик ишке ашырган жалгыз иш-чара — бул мектеп жана бала бакчалардын жанында жаткан полицияларды орнотуу болгон.

Аткаминерлер жол кырсыктарынын санын азайтат деп айтып жатышкан жолдордогу байкоо камераларын каражаттын жоктугунан улам орното албай жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: