Эсеп палатасы: Айыл чарба министрлиги «Тойота Прадону» тейлеш үчүн 800 миң сомдон ашык каражат колдонгон

«Тойота Лэнд Крузер Прадо». Сүрөт: avtoadviser.ru

Эсеп палатасы аталган мекемеде аудит жүргүзүп, кызматтык «Тойота Лэнд Крузер Прадо» машинасынасынын тейлөөсүнө 2016-жылга карата 847 миң сом коротулганын аныктаган. Бирок келишим боюнча, министрлик тейлөөнү 500 миң сомдон бир аз көбүрөөк акчага жүргүзүүсү керек болчу.

Эсеп палатасынын аудиторлору Айыл чарба министрлигинде келишим боюнча 553 миң сом коротулушу керек болгон «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү машина бар экенин аныкташкан.

Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында аудиторлор 2016-жылга карата Айыл чарба министрлиги машинаны камсыздоого 847 миң сом чыгымдашканын аныкташкан.

«Келишимдин корутундусунда тейлөөнүн логикалык жана экономикалык мааниси көрүнбөйт», — деп айтылат отчетто.

Авто унааларды сатуу боюнча сайттардын бааларына ылайык, 2010-жылы өндүрүүгө чыккан «Тойота Лэнд Крузер Прадонун» баасы 1,6 млн сомдон башталат. Бул Айыл чарба министрлиги тейлөөгө короткон каражаттын жарымын түзөт.

Ошондой эле, айдоочунун маянасы дагы башкармалыктын начальнигинин же министрликтин бөлүм башчысынын орун басарныкындай болгону аныкталган. Негизинен белгиленген 1,2 миң сомдун оруна айдоочу айына 17,9 миң сом маяна алып турган.

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлиги авто унаанын тейлөөсүнө 134 миң сомду сарамжалсыз пайдаланган.

Аудиторлор министрликке жолтандабасты тейлөөнүн чыгымдарын кайра карап чыгуу кеңешин берген.


ТЕМА БОЮНЧА: