Ошто мамкаттоонун начальниги менен анын эки бир тууганы жол кырсыгынан набыт болушту

Сүрөт: Турмуш

Алай районунда жол кырсыгынан Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын начальниги менен анын эки бир тууганы каза болушту. Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, айдоочу унааны башкара албай калган.

Жол кырсыгы 26-ноябрь күнү кечинде Ош облусундагы Алай районунун Ош-Иркештам авто жолунда катталган.

Патрулдук милициянын алдын ала маалыматына ылайык, «Лексус LX-470» үлгүсүндөгү унаанын рулунда Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Тяншанбек Марифов болгон. Ал унааны башкара албай калып, анын машинасы бир нече жолу тоголонуп кеткен.

Жол кырсыгынан улам Тяншанбек Марифов өзү жана анын эки бир тууганы — «Түндүк» бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Шарабидин Марифов менен диний ишмер Арабидин Марифов набыт болушкан.

Арабидин Марифов 2012-жылдан баштап 2014-жылга чейин Оштун казылык кызматын аркалаган, ал эми андан кийин Мусулмандар диний башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү болуп калган.

Мамлекеттик бажы кызматы Шарабидин Марифовдун жакындарына көңүл айтты.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону өкмөт башчысы Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Премьер-министр Исаков 20-ноябрда билдиргендей, Кыргызстандын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.


ТЕМА БОЮНЧА: