Эмне үчүн Кыргызстандын көчөлөрү өзбекстандык кайырчыларга толду?

Жалал-Абаддын көчлөрүндө кайырчыларды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Кармалгандардын арасында Өзбекстандын жарандары бар. Милициядан чек ара ачылгандан бери коңшу өлкөнүн кайырчылары көп пайда боло башташканын белгилешүүдө.

Материалдын түп нускасы «Азыркы учурдун» сайтында жарык көргөн.

Жалал-Абад ИИБнин начальнигинин орун басары Мирбек Султанов билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жакшыргандан бери көзөмөл өткөрмө бекеттеринен өтүү абдан жөнөкөйлөтүлгөн.

«Чек аралардын ачылышы менен Өзбекстандын көптөгөн жарандары мындай жол менен киреше табууга келишет. Биз жашы жетет электердин эмгекке тартылуусун алдын алуу максатында рейддерди жүргүзүүдөбүз», — деди Султанов.

Шаардык бийликтегилер коңшу өлкөдөн келип жаткан кайырчылардын агымын токтотуу мүмкүн эмес дешүүдө. Алар кыла ала турган жалгыз чара — бул аларды учетко коюп, мекенине кайтаруу. Өзбекстандык кайырчылар Кыргызстанга көп акча үчүн эмес, мындай жашоого көнүп калышканы үчүн келишет.

«Чек ара ачылгандан кийин Ош менен Жалал-Абадга кайыр сураганы келебиз. Мындай жашоо бизде муундан-муунга өтүп келет. Ошондой эле, он күнгө башка Орусия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөргө чыгабыз. Өзбекстанда пахта сезону бүттү. Бош убакытта кайыр сураганга чыгабыз. Биз эч кандай зыян келтирбейбиз», — деп айтты өзбекстандык кайырчылардын бири Рахман Намазов.

Жалал-Абаддын көчөлөрүндөгү кайырчылардын көпчүлүгү — этникалык лөлүлөр [цыгандар]. Алардын көпчүлүгү Ош облусунан келишет.

14 жаштагы Оятбекти шаардын базарларынын биринен кармашкан. Ал эки күн мурун Кара-Суу шаарынан келген. Апасы кайтыш болгондон кийин алты баланы бакканга эч ким жок болуп калган. Кыш келе жатат, ал эми өспүрүм дагы эле жайкы тапичке менен жүрөт.

«Мектеп кийимиме бир аз акча иштеп алайын деп келгем. Апамдын каза болгонуна көп болду, ал эми атам бөйрөгүнүн оорусунан улам үйдө жатат. Биз өгөй энебиз менен жашайбыз. Кышкыга ун жана башка азык-түлүктөрдү сатып алуу керек. Мен алты баланын бешинчисимин. Жумушка жашым жете элек үчүн алышпайт. Көчөгө чыгуудан башка аргабыз жок. Жада калса менин кышкы бут кийимим жок, башка дагы мектеп формасын сатып алуу керек. Биз сабактарды калтырбоого аракет кылабыз», — дейт өспүрүм бала.

Кайырчылар өздөрүнүн жашоо шартын жумуштун жоктугу менен түшүндүрүшөт. Ошол эле учурда алар кайырчылыкты жумуш катары көрүшөөрүн дагы моюнга алышат.

«Бизде эч кандай жумуш жок. Аргасыздыктан көчөгө чыгабыз. Бул нерсе бизде муундан-муунга берилет. Балдарды жыныбызга алып чыгабыз. Бул менен көп деле акча таппайсың — көп эле дегенде айына 5-6 миң сом. Башкача кантип үй-бүлөбүздү багабыз? Жайкысын пахта терүүгө чыгабыз. Учурда жумуш жок», — дейт кайыр сураган Назира.

Жалпысынан милиция рейд учурунда Жалал-Абадда 30дан ашуун кайырчыны аныктаган. Аларды милициянын бөлүмүнө алып барышып, учетко коюшкан.