Жээнбеков: «Күчтүү жана жабдылган» армия — Атамбаевдин эмгеги

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев менен жолугушууда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө ишенээрин айтты. Анын айтымында, «күчтүү жана жабдылган армия» — бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эмгеги.

Жээнбеков Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчисин 4-декабрда кабыл алды. Жээнбеков билдиргендей, аскерий камсыздык менен армиянын техникалык жабдуулары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн реформага ылайык жакшырган. Президент бүткүл өлкө боюнча аскер кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу улантылаарын кошумчалады.

«Эми бизде күчтүү, жакшы жабдылган армиябыз бар, биз өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө ишенимдүү боло алабыз. Мында республиканын күч структуралары органдарынын экономикалык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бөлгөн Алмазбек Атамбаевдин эмгеги чоң», - деди Жээнбеков.

Жээнбеков билдиргендей, бийликтин бардык бутактары менен күч түзүмдөрүнүн катарында «коррупция менен катуу күрөштү» улантуу керек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдиргендей, Кыргызстанда «армия жок кезде» «көптөгөн уйкусуз түндөрдү өткөргөн».  

«Мен бүгүн президент катары айта алам: бизде эми армия бар. Биз эми биздин жарандардын тынч жашоосуна тскоол боло тургандардын ар бирине жооп кайтара алабыз», — деп айткан ошондо Атамбаев.

Ошондой эле, Атамбаев 31-август Эгемендүүлүк күнүндө армияны «согуштук жөндөмдүүлүгү бар» деп атаган.

Эл аралык Global Firepower уюму 2017-жылдын сентябрында 133 өлкөнүн аскерий күчтөрүнүн индексин баалап, рейтингде кыргыз армиясы 108-орунду ээлеген.

Global Firepowerдин маалыматына ылайык, учурда кыргыз армиясында 13 миң аскер кызмат өтөйт, дагы 10 миңи кызматка даяр турушат.

Аскер кызматына 2 млн адам жарамдуу. Өлкөнүн аскерий-аба күчтөрүндө 6 учак бар, алардын ичинен төртөө транспорттук. Ошондой эле, Кыргызстанда 6 тик учак бар, анын ичинде экөө аскерий.

Мындан тышкары, изилдөөчүлөр кыргыз армиясында 150 танка, 438 аскерий брондолгон машина жана 30 өзү жүргөн артилериялык курулмалар бар экенин эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: