Абдыгулов: Кыргызстан ДСУдан Казакстанга карата берген арызын чакыртышы мүмкүн

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясы менен Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстандын чек арадагы аракеттерине катара берген арыздарын чакыртышы мүмкүн. Абдыгулов чакыртууга эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча «жол картага» кол коюлгандыгы себеп болгонун айтты.

Абдыгулов басма сөз жыйынында Кыргызстан ДСУ менен Евразия экономикалык комиссиясынан Казакстандын чек арадагы аракеттерине карата берген арыздарын чакыртуу боюнча негиздеме даярдап жатканын айтты.

«Учурда арыздарды токтотушубуз же чакыртышыбыз мүмкүн, анткени биз Казакстан менен "жол картасын" ишке ашыруу келишимине жетиштик. Ал эми Кыргызстан эл аралык келишимдердин алкагында бардык укуктары менен колдонгондугу боюнча прецеденти бар жана кала берет», — деди ал.

Абдыгуловдун айтымында, «жол картасы» өз продукцияларын Казакстанга киргизе ала турган кыргыз ишканаларынын тизмегин кеңейтет.

Ошондой эле, өкмөт Казакстан тараптан бир нече кыргыз компаниялары алган дооматтар менен санкцияларды карайт.

Өз кезегинде Кыргызстан ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук талаптарын сактоого көз салышы керек.

Мындан тышкары, Казакстан 1-декабрдан тарта Кыргызстандын түштүгүнөн жана түштүгүнө ташылып жаткан жүктөргө карата бирдиктүү темир жол тарифтерин колдонушу керек.

Абдыгулов ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн продукциялары киргизилип жаткан Кыргызстан менен Казакстандын бажы бекеттеринде бажы өкүлдөрүнүн аралашма топтору иштей тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, ал топ кыргыз жана казак чек арачыларынан түзүлүп, ошондой эле, алардын курамына ЕАЭБдин бир өкүлү кирет.

Вице-премьер-министрдин айтымында, азырынча алар качан өз жумуштарын баштай тургандыктары белгисиз, анткени бул үчүн укуктук база иштеп чыгуу керек.


ТЕМА БОЮНЧА: