Алмазбек Атамбаевдин Казакстан бийлигине карата айткан катуу билдирүүлөрү менен сындары көңүлсүз калган жок. Кийинчерээк кыргыз президентинин сөздөрүнөн соң кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал олуттуу оорлошкон. Жүктүү унаалардын айдоочулары эки аптадан бери көзөмөл бекетинен өтө алышпай, ишкерлер чыгымдарга учурашууда. Өкмөттөгүлөр чек арадагы кырдаал кайра качан калыбына келээрин азырынча билишпейт.

Бардыгы эмнеден башталган?

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдерге сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөп чыгып, чогулгандардын алдында Казакстандын бийлигин сындаган пикирлерди айткан.

Негизинен Атамбаев аларды Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевди «жакшы көрөт» жана ошондой эле, алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап жатышат» деп айыптаган.

«Кыргызстандыкына караганда орточо Казакстандын бир жаранына болгон киреше 10 эсе көп. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсиялардын өлчөмү 10 эсе эмес болгону 1,5 эсе көп, эмне үчүн? Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Алар Казакстандын элине кетпейт», — деп билдирген Атамбаев.

Мына ошентип Атамбаев шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция кылган.

Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда.

Казакстанда эмне деп айтышкан?

Казак тарап кыргыз президентинин сөздөрүн көңүлсүз калтырган эмес. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Алмазбек Атамбаевдин айткандарын «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган.

Ошондон кийин казак тарап чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн, ал чек арадагы кезек күтүүлөр менен авто унаалардын чыгышына алып келген. Чек арададан жарым саатта өткөн жүктүү унаалар эми бир нече сутка туруп, чек аранын жанында километрлеп созулган тыгындарда тууруга мажбур болушууда.

Бийлик бул чараларды Казакстандын бардык чек арасынын айланасында аткезчилерди, террористтерди жана миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо үчүн жүргүзүлүп жаткан «пландык чек аралык операция» менен түшүндүрүшкөн.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги жүктүү унаалар.

Өкмөттөр сүйлөшүүгө аракет жасаганбы?

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн расмий сапары менен Астанага барган.

Исаков сүйлөшүүлөрдү Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагынтаев менен жүргүзгөн.

Сапар Исаков менен Бакытжан Сагынтаев 25-октябрдагы Еревандагы жолугушууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында, казак чек арачылары жеке жактарды, жеңил машиналарды жана бош оор жүк унааларын «жеңилдетилген тартипте» өткөрө башташкан.

Эгерде мен Казакстанга баргым келсе, чек арада көпкө чейин туруп калышым мүмкүнбү?

Кыргызстандын чек ара кызматынын соңку маалыматына ылайык, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чоң кезек күтүүлөр жок, ал эми жеңил машиналарды 20 мүнөттүн ичинде өткөрүшүүдө. Күбөлөрдүн билдиргенине караганда, учурда чек арадан өтүүгө 30 мүнөттөй убакыт кетет.

Жүктүү унаалар эмне болду?

Азыркыга чейин эки өлкөнүн бийлиги жүктүү унаалардын өтүшү боюнча маселени чече элек.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 500гө жакын оор жүк унаа турат. Орто эсеп менен казак чек арачылары суткасына 100гө жакын жүктүү унааны өткөрүшүүдө.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги жүктүү унаалар.

Чек арадагы көйгөй качан чечилет?

Кыргыз өкмөтү товарлардын кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө башташаары боюнча маселе качан чечилээрин азырынча билбейт.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 18-октябрдагы жолугушуусунда беш күндүн аралыгында жүктүү унаалардын маселесин чечүү убада кылынып, ал үчүн «жол картасы» иштелип чыккан.

Бул келишимге Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 25-октябрда Ереванда өткөн өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында эки өлкөнүн бийлиги кол коймок. Келишим боюнча чек арадагы калган маселелер чечилет деп күтүлгөн.

Бирок Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков ошол эле күнү журналисттерге казак тарап чек араны «жол картасына» кол коюлган күндө деле «ачпайт» деп билдирген.

«Бүгүн Казакстан бизге жада калса жол картасына кол коюлганын эсепке алганда деле чек ара ачылбасын маалымдашты, эркин кыймыл болбойт. Ошондуктан бүгүн документке кол коюлган жок», — деп билдирген Новиков.

Артем Новиков, Кыргызстандын экономика министри.

Ал эми Исаков Кыргызстандын жарандары «чыдап» туруулары керек деп билдирген.

Буга чейин казак премьер-министри Бакытжан Сагынтаев билдиргендей, Казакстандын чек арадагы аракеттери «мыйзамсыз» импорт менен күрөшүүгө жана Кытайдан чыгып жаткан аткездин көлөмүн азайтууга багытталган. Анын айтымында аткездин эң эле көпчүлүгү Кыргызстандан барат.

Сагынтаев Кыргызстандын айынан ЕАЭБ 2017-жылдын 8 айында 2,68 млрд  доллар жоготконун билдирген. Кыргыз тарап Казакстан тараптан дагы Кытайдан чыккан аткездер ЕАЭБге барып жатат деп жоооп кайтарган.

Жүк ташыгандар кандай зыяндарга учурашууда?

Новиков 30-октябрда өкмөттүн кеңешмесинде билдиргендей, чек арада такалып калган сапармандар суткасына 23 миң доллар жоготуп жатышат.

Анын айтымында, алар чек арадан 5-6 сутка аралыгында өтүшүүдө. Бул убакыт аралыгында жалпы чыгым 180 миң долларга жетүүдө.

Казак бийлиги Кыргызстандын жүк ташыгычтарына 350 миң доллардан ашык өлчөмдө штраф салганын билдиришкен.

Казак бийлиги эң эле көп кездешкен эреже бузуулар тез бузулуучу жүктөрдү ташуудагы сертификаттардын жоктугу болгонун аташкан.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 30-октябрдагы чек ара маселелери боюнча жыйынындагы сүрөт.

Ишкерлердин чыгымдарын ким жаап берет?

Өкмөт ишкерлер үчүн болгону салык жагынан жеңилдетүүлөр болоорун билдирген.

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасында такалып калган ишкерлер үчүн социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүнүн төлөө мөөнөттөрүн жылдырып берет.

«Мен ишкерлер дароо эле жеңилдиктер менен төлөмдөрдүн мөөнөттөрүнүн жылдыруусуна ээ боло албай турушканын белгилегим келет. [...] Өкмөт ишкерлер үчүн кабатыр болуп жатышканын билиши үчүн бардыгын кыска убакытта аткарганга аракет жасайбыз», — деп билдирген Исаков.

Казак бийлиги Атамбаевдин сөздөрүнө жооп катары дагы кандай чараларды көрүштү?

Казакстандын айыл чарба министрлиги Кыргызстандын сүт өндүргөн беш ишканасына сүт азыктарын киргизүүгө «убактылуу чектөө койгон». Алар: «Шин-Лайн», «И.П.Тууганбаев», «Талас-Сүт», «Елимай» жана «Ак-Сүт».

Мындан тышкары, Казакстандын өзүндө эгерде кандайдыр бир нормалардын эрежелери бузулган болсо ишкерлер текшерилип, алардан Кыргызстандын товарлары алынууда. Ветеринардык көзөмөл комитети 29-октябрда Кыргызстандын 127 килограмм быштагын жок кылган.

Ошондой эле, Кыргызстанга казак көмүрү келбей калды. Кыргызстан Казакстандан 30 пайызга жакын көмүр импорттойт. Казакстандын бийлиги Кыргызстанга көмүр сатууга болгон тыюуну өздөрүнүн муктаждыгы менен түшүндүрүшкөн. Ошол себептүү Кыргызстанда көмүргө болгон баа дароо жогорулап кеткен.

Ал эми Атамбаев Кыргызстандын бардык Жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) жергиликтүү көмүргө өткөрүлүшү керектигин билдирген.

Иллюстративдик сүрөт.

Өкмөт эл аралык органдарга кайрылды беле?

Экономика министри Артем Новиков Казакстандын аракеттерин «тымызын соода-сатыкты чектөө» деп атаган. Анын айтымында, аталган мекеме 27-октябрда чек арадагы көйгөйдү чечүү үчүн Евразия экономикалык биримдигине Казакстанга карата арыз жөнөткөн.

«Учурдагы кырдаалдын чечилиши боюнча так мөөнөттөрдү атай албайм. Бул кырдаалдын аталышын да тагыраак айтуу кыйын, биз биринчи жолу мындай чектөөлөргө кабылып жатабыз. Бул жерде "соода-сатыкты жашыруун чектөө" деген терминди колдонуу туурараак болот», — деп билдирген министр.

Комиссия азырынча арызды кароонун так мөөнөтүн белгилей элек.

Ошондой эле, өкмөт 17-октябрда Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кайрылуу жөнөткөн. Кыргызстандын министрлер кабинети Казакстан тарифтер менен соода-сатыктын келишиминин «негизги» нормаларын бузууда деп эсептейт. Кайрылууну кароо 10-ноябрга белгиленди.


ТЕМА БОЮНЧА: