Баласын тепкен адам эки айга тергөө изоляторуна камалды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин Октябрь райондук соту өзүнүн эки жашар баласын курсакка тээп салган Бариер Адиевди тергөө изоляторуна камоо чечимин кабыл алды. Ал эми Адиев өзү күнөөсүн мойнуна албасын билдирген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 4-декабрда Адиевди изоляторго камоо боюнча чечим чыгарды.

«Ал тергөө учурунда эки айга №1 ТИЗОго камалды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Эгерде аны баланы сабоо боюнча күнөөлүү деп таанышса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Буга чейин шектүү күнөөсүн мойнуна албай, баласын тепкени тартылган видео «монтаждалган» деп билдирген.

Баланын апасы жолдошун аталык гана укуктан ажыратууну, бирок аны эркинен ажыратпоону суранып жатат.

Кармалган адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын начальнигинин орун басарлык кызматын аркалап турган. МККнын башчысы Дастан Догоевдин айтымында, бул окуядан кийин баласын тепкен адам жумуштан алынмакчы.

Кичинекей баланы ичке тепкен адамды 2-декабрда кармашкан. Кармалганга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кичинекей баланын денеси кокустаган.


ТЕМА БОЮНЧА: