Исаков патрулдук милиционерлерди «шылдыңдоону» токтотууну талап кылды

Премьер-министр Сапар Исаков жол кыймыл эрежелерин бузгандар патрулдук милициянын кызматкерлерин камерага тартып, аларды шылдыдап жатышканын билдирди.

Өкмөт башчысы жолдордогу коопсуздук маселелери боюнча жыйында аткамиенерлерден патрулдук милиционерлерди (ПМ) «шылдыңдоого» жол бербөөлөрүн талап кылды, анткени алар бийликтин өкүлдөрү.

«Мен абдан жаман көрүнүштү көрдүм. ПМнын кызматкерлери машинанын айдоочусун токтотушат, ал аны камерага тарта баштайт, алар жөн гана аларды шылдыңдап жатышат. […] Алар аны [ПМдин кызматкерин], бийликтин өкүлүн, шылдыңдай башташты,  ал байкуш эч нерсе деп жооп бере албай, жөн гана кетип калды», — деди ал.

Ошол эле учурда премьер-министр патрулдук милициянын кызматкерлери дагы жумушта көптөгөн катачылыктарды кетиришет деп кошумчалады.

Жол активисти Айбек Баратов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айдоочулар болуп жаткан окуяны өздөрүн коргоо үчүн токтотулгандан кийин гана камера тарта башташтары керек деп билидирди.

«Мен сөзсүз түрдө токтотоору менен дароо эле жолдогу кырдаалды камерага тарта башташ керек деп эсептейм. Анткени абдан көп учурларда айдоочуну кылбаган нерселер үчүн айыпташат. Албетте бардыгын эле жаман дей берген болбойт», — деди Баратов.

Интернетте далай жолу патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочуларды коркутуп, алардан акча опузалап жатканы тартылган видеолор пайда болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: