КСДП акыйкатчыга ишеним көрсөтпөгөнү жатат

Акыйкатчы Кубат Оторбаев

КСДП парламенттик фракциясы өлкөнүн башкы укук коргоочусу Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөгөнү жатат. Акыйкатчы өзүнүн жылдык отчетун көрсөтө турган жыйындарды бир нече жолу калтырган.

КСДП фракциясынын депутаттары 15-декабрда акыйкатчынын отчетун карамакчы болушкан. Бирок Оторбаев жыйынга келген эмес.

Парламенттик КСДП фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдиргендей, бул акыйкатчынын отчету карала турган жыйындарды калтырган биринчи гана учур эмес.

«Маселе жарым жылдан бери создуктурулууда. Кайсы бир себептерден улам ал жыйындарды көз жаздымында калтырууда. Ал келбей жатат, бирок анын себептери белгисиз. Кандай сунуштар болот?» — деди Өмүркулов.

Иса Өмүркулов

Анын партиялашы Мурадыл Мадеминов Оторбаев өзүнүн отчетун 1-апрелге чейин эле көрсөтүшү керек болгонун айтты. Мадеминов Оторбаевге карата ишеним көрсөтпөөнү сунуш кылды.

«Ал 1-апрелден баштап айлап бейтапканада жүрөт. Маалым кат барбы? Эгерде ал ден соолугуна байланыштуу жарым жылдап, сегиз ай бою өз милдеттерин аткара албаса, анда ал орунду бошотушу керек», — деди Мадеминов.

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков билдиргендей, Оторбаев сегиз айдан бери жыйындарды калтыруу менен фракцияны сыйлабай жатат.

Ирина Карамушкина

Бирок депутат ошол эле фракциянын өкүлү Ирина Карамушкина Оторбаевди акыйкатчылардын «мыктыларынын бири» деп атап, ал өзүнүн ыйгарым укуктарын «жакшы аткарып» жатат деп билдирди.

«Мен ал эмне үчүн келбей жана эмне үчүн көңүл сыртында калтырып жатканын түшүнө албай жатам. Бул нерсени аныктоо керек, бирок жарандардын укугун коргоо — абдан оор маселе. […] Мен анын орун басарлары, бүтүндөй аппараты болуп туруп, келбей, отчет тапшырбай турганы бизге жагымсыз болуп жатканын түшүнүп турам. Албетте,  ага суроолор бар жана административдик чараларды колдонуу керек», — деди карамушкина.

Фракция добуш берүүнүн жыйынтыгында акыйкатчынын отчетун канааттандыраарлык эмес деп тааныды. Мыйзамга ылайык, эгерде парламент акыйкатчынын отчетун канааттандыраарлык эмес деп тааныса, ал кызматтан алынышы мүмкүн.

Редакция акыйкатчы менен байланыша алган жок. Акыйкатчынын кабылдамасында ал ооруп жатканына байланыштуу жумушка чыккан жок деп билдиришти.

Парламент Оторбаевди акыйкатчылык кызматка 2016-жылдын 30-декабрында дайындаган. Оторбаевди бул кызматка «Кыргызстан» менен КСДП партиясы сүрөп чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: