Баткен: Газга ууланган шахтёр көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан көмүр шахтасында газга ууланып 38 жаштагы кенчи каза болду. Куткаруучулар шахтёрдун сөөгүн 80 метр тереңдиктен алып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Нурбек Абдраимов «Клоопко» билдиргендей, кырсык 20-декабрда кечки саат тогуздар чамасында болгон.

«ӨКМнин куткаруучулары кен казып алуучу жайдын 80 метр тереңдигинен Кызыл-Кыя шаарынын 1979-жылкы тургунун жансыз денесин алып чыгышты», — деди Абдраимов.

Каза болгон 38 жаштагы шахтёрдун сөөгү Кызыл-Кыя шаардык оорукананын моргуна жеткирилген.

Мамлекеттик экотехинспекциясынын Кадамжай району боюнча жетекчиси Мирзалим Асыранкулов «Клоопко» билдиргендей, Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан бул шахта мыйзамсыз иш алып баргандыгы үчүн аны жабуу тууралуу алдын ала эскертүү берилген.

«Аталган шахтаны жабуу тууралуу айыл өкмөтүнө, жергиликтүү элге, анын ээсине эскертүү берилип, 7500 сом айып пул салынган. Ошого карабастан шахтада калып кеткен жабдыктарын алып чыгып жатып шахтёр ууланып калыптыр», — деди Асыранкулов.

Ушул жылдын жай айларында Баткен облусунун Самаркендек айылындагы көмүр шахтасынын айланасын тосуп жаткан куткаруучулардын бири көз жумуп, дагы бири оор абалда бейтапканага түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА: