Жолдун каршылаш тилкесинде машина айдаган адам кармалды

Сүрөт фэйсбук колдонуучусунун видеосунан алынган скриншот

Патрулдук милиционерлер жолдун каршылаш тилкесинде келе жатып башка айдоочуга Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) начальниги Канат Жумагазиевдин «инисимин» деп өзүн тааныштырган «Нива» үлгүсүндөгү авто унаасынын айдоочусун кармашты. Милициянын маалыматы боюнча, айдоочунун Жумагазиевге эч кандай тиешеси жок, ага жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынат.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Медер Шабданов билдиргендей, ЖКККББнын башчысы Канат Жумагазиевдин «инисимин» деп өзүн тааныштырган «Ниванын» айдоочусун 28-декабрда кармашкан.

Анын машинасы айып унаа токтотуу жайына коюлуп, административдик протокол түзүлгөн. Айдоочу жолдун каршылаш тилкесинде машина айдаганы үчүн 1500 миң сом штраф төлөшү керек.

«Авто унаа Байтик айыл өкмөтүнө катталган, ал эми айдоочу айыл өлкмөттүн кызматкери болгон. Анын Жумагазиевге эч кандай тиешеси жок», — деди Шабданов.

Эреже бузулуп жатканы тартылган видеону фэйсбукка 27-декабрда Нурик Мэлсович жарыялаган.

Видеодо «Ниванын» айдоочусу бир тараптуу Токолок Молдо көчөсүндөгү жолдун каршылаш тилкесинде келе жатканы чагылдырылган.

Ошондой эле видеого эки айдоочу сүйлөшүү үчүн көчөгө чыгышканы тартылып калган.

Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочу бул окуяны териштирбей турганын билдирип, «Жумагазиевдин иниси боло турганын» кошумчалаган.