Исаевдин адвокаттары өкүмдү даттанышты

«Кыргызстан» партиясынын депутаты Канатбек Исаевдин адвокаттары Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук сотунун өкүмүн даттанышты. 2018-жылдын 4-январында Исаевге жасалма келишим түзүү жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатуу үчүн 12 жылга аббака кесүү өкүмү чыккан. Бирок мунапыс боюнча депутаттын жаза өтөө мөөнөтү 9 жылга кыскартылган.

Канатбек Исаевдин юристтерди өкүмдү 12-январда даттанышты. Алар сот чечимин негизсиз деп эсептешет.

4-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаевди Токмокто муниципиалдык автостанция куруу үчүн мыйзамсыз тендер өткөргөн деп күнөөлүү тапкан. Исаев 2008-2010-жылдар аралагында Токмок шаарынын мэри болуп турган.

Депутаттын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдиргендей, анын коргоо алган адамынын иши «тергөөчүлөрдүн фантазиясынан» токулган.

Исаев өзү билдиргендей, ага карата кылмыш иши «саясий мүнөзгө» ээ.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сот системасы "Ак үйдүн" буйругу менен иштейт. Эртеби-кечпи баары бир бардыгы жооп беришет, бардык соттор өз аракеттери үчүн жооп бере турган убакыт келет», — деген Исаев.


ТЕМА БОЮНЧА: