Бабанов депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Өмүрбек Бабановдун депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартуусу боюнча арызын алды. Буга чейин Бабанов президенттик шайлоодон утутлгандан кийин жана ага каршы кылмыш ишин козголгон соң саясаттан толугу менен кетип жатканы тууралуу билдирген.

Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Бабанов Борбордук шайлоо комиссиясына арызды 15-январда эле бергенин маалымдады.

Бул арызда саясатчы өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартты. Бабанов парламентте бул ыйгарым укуктарды өзүнүн партиялашы Руслан Казакбаевге өткөрүп бергенге чейин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери болгон.

БШКнын басма сөз кызматынан Бабановдон арыз түшкөнүн «Клоопко» тастыктады, бирок азырынча комиссия саясатчынын арызын качан карай турганы белгисиз.

2017-жылдын аягында Бабанов «саясаттан толугу менен кетип» жатканын билдирген.

«Элимдин көпчүлүгүнүн добушуна ээ болбой калсам, мен саясаттан кетем деп президенттик шайлоого чейин өз командамдын алдында сөз бергем. Кымбаттуу кыргызстандыктарым, жогоруда белгиленген шарттарга ылайык, мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм», — деп жазган ал өз кайрылуусунда.

Ошондой эле, Бабанов бийликтен өз тарапташтарын «куугунтуктобоону» суранган.

Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо утулуп калып, өлкөдөн чыгып кеткен. Саясатчынын өкүлдөрү ал ден соолугун чыңдап келиши керек деп маалымдашкан.

Шайлоодо Бабанов натыйжада президент болуп калган бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Кийинчерээк шайлоо өткөн соң башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Ага Оштогу үгүт кампаниясы учурунда улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылган.

Саясатчы кылмыш ишин «укук коргоо органдарынын ээн баштыгы» деп атаган.

Ошондой эле, сот 2017-жылы декабрда Бабановго байланыштыгы бар НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууну токтом кылган. Саясатчы бул нерсени «рейдерлик басып алуу» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА: