Футбол: Роналдиньо карьерасын жыйынтыктады

Бразилиянын мурдагы футболчусу Роналдиньо. Сүрөт: Getty Images

«Барселона» менен «Миландын» мурдагы футболчусу Роналдиньо спорттук карьерасын жыйынтыктады. 37 жаштагы бразилиялык Роналдиньо чоң футболдогу акыркы матчын эки жыл мурда өткөргөн.

Роналдиньо карьерасын жыйынтыктаганы туурасында анын бир тууганы жана футболисттин агенти Роберто де Ассиш жарыялады.

«Роналдиньо карьерасын жыйынтыктады. Бардыгы бүттү. Биз 2018-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттан кийин чоңураак бир нерсе ойлоп чыгышыбыз мүмкүн. Бразилия, Европа жана Азияда окуяларды уюштурабыз. Албетте, Бразилиянын курамасы менен матч уюштурабыз», — деп билдирди Де Ассиш.

2016-жылы бразилиялык спортчу чоң футболдон кетип, эки жыл «Гоа» жана «Драконы Дели» клубдары үчүн Индиянын чемпионаттарына чыгып жүргөн.

Өзүнүн кайталангыс оюндары үчүн фанаттарынын «сыйкырчы» деген атына ээ болгон Роналдиньо ар жылдарда «ПСЖ», «Барселона», «Милан» жана «Флуминенсенин» түстөрүн коргогон.     

Бразилиялык спортчу улуттук кураманын тизмесинде дүйнө чемпиону болгон, ал эми «Барселона» менен эки жолу Ла Лиганы жеңген. Оюнчунун олжолорунун арасында Чемпиондор Лигасынын кубогу жана «Милан» менен италиялык чемпионаттын эки жеңиши бар.

Роналдиньо 2005-жылы өзүнүн карьерасындагы жалгыз «Алтын тобун» жеңип алган. Мурдагы жылы бразилиялык футболчу «Барселонанын» расмий элчиси болуп калган.