Текебаевге ооруканада медициналык кароодон өтүүгө уруксат беришти

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы (МЖАК) оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектин ооруканаларынын биринде медициналык кароодон өтүүгө уруксат берди. Мындай өтүнүч менен МЖАКка парламенттин 10 депутаты кайрылган.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Азаттык» үналгысына маалымдагандай, Текебаев эндокринолог менен кардиологдун көзөмөлүндө болчу жана учурда саясатчы Бишкектин ооруканаларынын биринде ден соолугун атайын аппаратттын жардамы менен текшертиши керек.

«Аны жакынкы күндөрү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелердин бирине алып барып текшерүүдөн өткөрүп, кайра алып келүү планга киргизилди», — деди Сабатарова.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, анализдердин жыйынтыгына жараша Текебаев дарылануусун абакта улантат. Бирок эгерде саясатчыга атайын адистердин жардамы керектелип калса, аны конвойдун коштоосунда даарылануу үчүн оорканага жеткиришет.

МЖАКка 11-январда депутатттардан Текебаевди анын кан басымы көтөрүлүп кеткенине арызданганы үчүн стационарга которуу өтүнүчү түшкөн.

«Мен Өмүрбек Текебаев менен жолуккан учурда анын кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкадым. Муну көп эле депутаттар ырастайт. Ошол себептен биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан аны абактан жарандык ооруканага которуп, жок дегенде он күнчө дарыланып алышына уруксат беришин өтүнүп кат жөнөттүк. Бул боюнча кайрылууга 7-8 депутат кол коюп, аталган органга жөнөттүк. Керек болсо конвойду кошо алып барып, кайтарып отурушсун. Дарыланып чыкса, кайра жазасын уланта берет», — деп билдирген депутат Исхак Масалиев.

«Ата Мекендин» башка депутаты Каныбек Иманалиев Текебаевдин буту шишип кеткенин билдирген.

«Текебаевдин буту шишип кетиптир. Ага эмне болгонун эч ким билбейт. Аны даарылап жатышат, бирок эмнеден улам экени түшүнүксүз. Ден соолугунун абалын изилдеп, диагноз коюш үчүн атайын аппаратура керек», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: