Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, жергиликтүү кеңештердин жеринде маселелерди чечүү — мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоо (айылдык администрациянын) жөндөмү жоктугунун айынан түз мамлекеттик башкаруу киргизет.

Жээнбеков бул тууралуу 23-январда аймактарды өнүктүрүү талкууланган жумушчу топтун биринчи жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, айрым жергиликтүү кеңештер шайлоо өткөргөндөн кийин айыл өкмөтүнүн башчысын же шаар мэрин да шайлай албай коюшкан.

«Жергиликтүү кеңештин төрагасын да шайлай албаган учурлар да жок эмес! Мындай көрүнүштүн кесепетинен жергиликтүү кеңешти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы келип чыгууда», — деди президент.

Жээнбековдун пикиринде, жаңы шайлоолорду өткөрүүгө бюджеттен кошумча каражаттар, ошондой эле, убкыт менен ресурстар коротулууда.

«Ачыгын айтканда, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоо оюнга айланып жатат. Бул оюндардан улам мамлекет зыянга учурап жатат», — деп билдирди Жээнбеков.

Президент эгерде депутаттар жеринде маселелерди чече алышпаса түз мамлекеттик башкаруу киргизүү керек деп эсептейт. Ал түз мамлекеттик башкаруу жаңы жергиликтүү кеңеш шайланмайынча киргизилиши мүмкүн деди. Түз мамлекеттик башкаруу үчүн бийликтин ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалат.

«Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар, бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт жетти көрүнөт», — деди ал.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, бийлик түз мамлекеттик башкарууну эгерде жергиликтүү кеңеш «конституцияык түзүлүш менен улуттук коопсуздукка түз коркунуч жараткан жана ошондой эле, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган, пропаганда менен улуттар аралык жана диний жаңжалды чыгаруу» аракетин жасап жаткан учурда гана киргизе алат.


ТЕМА БОЮНЧА: