Авариянын айынан Бишкек жылуулук борборунун башчысын кызматтан убактылуу четтетишти

Нурлан Өмүркул уулун Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директорлук кызматынан убактылуу четтетишти. Учурда 26-январь күнү жылуулук борборундагы авариянын келип чыгуу себебин изилдөө иштери жүрүп жатат.

«Электр станциялар» ишканасы Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себебин изилдөө жана тергөө маалында Өмүркул уулун жумуштан четтетти.

Улуттук энергетикалык холдингдин басма сөз катчысы Аман Калыбеков бул маалыматты «Клооптун» кабарчысына тастыктады. Анын айтымында, «Электр станциялардын» жетекчилиги Өмүркул уулун 2-февралда өткөн эртең мененки чогулушта убактылуу четтетүүнү чечкен.   

«Бардыгын мыйзам чегинде болууда. Өкмөт ЖЭБдин директорун жумуштан четтетүүнү сунуштаган. Ошондуктан "Электр станциялардын" жетекчилигин тергөө маалында четтетүүнү чечишкен», — деди Калыбеков.

Басма сөз катчынын айтымында, ЖЭБдин директорунун милдетин аткаруучусу болуп Таалай Бектенов дайындалган.

Премьер-министр Сапар Исаков 30-январда Улуттук энергетикалык холдингге Бишкек ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу менен «Электр станциялар» ишканасынын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жумуштан бошотууну сунуштаган.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги авария фактысы боюнча «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын басма сөз кызматы жоопкерчиликке Мамлекеттик өнөр-жай комитетинин, Улуттук энергетикалык холдингдин, «Электр станциялар» ишканасынын, Бишкек ЖЭБдин жана башка мамлекеттик органдардын аткаминерлери тартылаарын маалымдаган.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам кескин төмөндөп, ошондой эле, ысык суу жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтириле баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: