«Балага сүйүнчү» төлөп берүү үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштады

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен Эмгек министрлиги бир жолу төлөнө турган «балага сүйүнчүнү» берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыра баштады.

«Сүйүнчү» берүү боюнча долбоорду ишке киргизүү 5-февралдан 30-апрель айларына дейре сыноо түрүндө башталат. МККнын алдындагы калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Дария Райымкулова «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, МКК жарандардын «сүйүнчү» алууга аразыдарын жарандык ал-абалды каттоо (ЖААК) бөлүмдөрү аркылуу каттай баштайт.

«Мурда жөлөк пул алууга арыздарды кабыл алуу жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин милдетине кирчү эмес. Эми өкмөттүн буйругуна ылайык, алар арыздарды каттай башташты», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эгерде мындай кадам өзүн актай турган болсо анда өкмөт «сүйүнчү» алууга арыздарды ЖААК бөлүмдөрүнө беките турганын кошумчалады.  

Жаңы эрежелерге ылайык, ЖААК бөлүмдөрү «сүйүнчү» алууга документтерди электрондук түрдө эмгек министрлигине жөнөтүп турат. ЖААК бөлүмдөрүндө документтерди кабыл алуу акысыз болот.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айткандай, МККнын Эмгек министрлиги менен биргелешкен пилоттук долбоору жакында эле иштелип чыккан «Түндүк» мамлекеттик маалымат алмашуу системасына киргизилмекчи.

«"Түндүк" системасынын жардамы менен мамлекеттик ведомстволордун ортосундагы маалымат алмашууну камсыздоо пландалууда. Биз МКК менен эмгек министрлигинин пилоттук долбоору аркылуу бул системаны сыноодон өткөрөбүз», — деди Кабылова.

Ымыркай төрөлгөнү үчүн сүйүнчү төлөп берүү жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Бир жолу төлөнө турган жөлөк пулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт, айрым тоолуу аймактарда 6 миң сомдон сүйүнчү берилет.


ТЕМА БОЮНЧА: