Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечүү боюнча протоколго кол койду.

Путиндин буйругу Орусиянын укуктук маалыматтар порталында 5-февралда пайда болгон. Карызды кечүүнүн натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 6,5 пайызга кыскарды.

«Каржылык жактан алып караганда Орусия үчүн Кыргызстандын карызын кечүү федералдык бюджеттин кирешелеринин азайышына алып келбейт, себеп дегенде 2016-жылдын 15-мартынан кийинки келишимге ылайык, дебитордон Орусиянын пайдасына кандайдыр бир төлөмдөр көрсөтүлгөн эмес», — деп айтылат негиздеме документте.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын февралында Орусиянын президентине карызды кечүү боюнча кайрылган — Атамбаев бул нерсени Кыргызстан өзүнүн карыздык көрсөткүчтөрүн жакшыртты деп түшүндүргөн. Апрель айында документке Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон.

Кыргызстанда 2017-жылдын ноябрында карызды ратификациялоо боюнча документти Жогорку Кеңеш кабыл алган, ал эми бир айдын кийин ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Мыйзамды 2012-жылы Орусия Кыргызстандын дээрлик 489 млн доллар карызын кечүүгө макул болгондон кийин даярдашкан.

Алгачкы 188,9 млн долларды 2013-жылы кечишкен. Калган 300 млн долларды он жылдын аралыгында 2016-жылдан тарта 2025-жылдарга чейин жыл сайын 30 млн доллардан кечип турууну чечишкен.

Орусия 2017-жылга карата Кыргызстандын 60 млн доллар карызын кечкен жана Кыргызстандын мамлекеттик карызы 240 млн долларга кыскарган. Жалпысынан акыркы 11 жылда Орусия Кыргызстандын 703,2 млн доллар карызын кечкен.


ТЕМА БОЮНЧА: