Казакстандын башкы прокуратурасы кыргыз депутатын аткезчиликке шектөөдө

Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Казакстандын башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулуну аткезчиликке шектөөдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, адамдардын бир нече тобу Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Кытайдын аткез товарларын Казакстанга киргизген.

Казакстандын башкы прокуратурасынын өкүлү Оксана Лоскутова билдиргендей, аткезчиликке каршы боюнча атайын операция учурунда 35 адам кармалган. Алардын арасында бажы жана чек ара кызматтарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар жана уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүн түзгөн Кыргызстандын үч жараны бар.

Кармалгандар менен кошо «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу да колго түшүрүлүп, ал эки айга тергөө изоляторуна камакка алынган.

Лоскутованын айтымында, шектүүлөр Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

«Жалпысынан 8 уюшкан кылмыштуу топ жок кылынган, эми экономикалык аткезчилик фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталды. Тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү акча каражаттары, зер буюмдары, бухгалтериялык документтер жана бажы декларациялары алынды», — деди ал.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков «АКИпресс» басылмасына курган маегинде билдиргендей, Асылбек уулу спортчуларды күрөш боюнча таймаштарга даярдоого катышуу үчүн Алматыга кеткен.  

«Биз, Асылбек уулу ал жерде кокустан эле болуп калган деп үмүттөнөбүз. Аны балким чакырышкандыр. Менин билишимче, ал Казакстанга досу менен учуп кеткен. Жолдошунун атын билбейт экем. Мүмкүн ал кокустан эле ошол жерде болуп калгандыр» , — деди ал.

Баатырбеков учурда анын кесиптештери Асылбек уулунун кармалышы боюнча кошумча маалыматтарды алууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

«Биз азыр спикерге кайрылдык, элдик дипломанияны кошууга аракеттенүүдөбүз. Парламентарийлер өздөрүнүн кесиптештерине чыгышып, алардын катышуусунда маалымат алып берүүлөрүн күтүүдөбүз»  — деди Баатырбеков.

Фракция лидери кошумчалагандай, кармалган депутат менен жолугушууга казак тарап уруксат берээри менен Асылбек уулунун фракциядагы кесиптештери, ага барып келүүнү пландап жатышат.

Казакстандагы атайын операция 16-февралга караган түнү бир нече облустарда өткөн — Алматы облусунда, Жамбыл облусунда, Түштүк-Казакстан обулусунда жана Алматы шаарында.

Кармалгандардын бирөөсү парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу болуп чыккан. Кыргызстандын парламентинде билдиришкендей, депутаттын кармалышы боюнча ишке Жогорку Кеңеш кийлигишпейт.


ТЕМА БОЮНЧА: