Кыргыз ТИМи Казакстанда кармалган депутатка жардам берет

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу менен эки кыргызстандыкка юридикалык жардам көрсөтөт.

Кыргызстандын ТИМнин алдындагы маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев «Клооптун» кабарчысына кармалган кыргызстандыктар Кыргызстандын Алматыдагы элчилигинин кызматкерлери аркылуу юридикалык жардам алышаарын билдирди.

«Чет жерде кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүү консулдук жана дипломатиялык мекемелердин милдетине кирет. Консулдук кызматтардын жумушчулары жарандардын макамына жана алар кандай абалда калышканына карабастан укуктук жардам көрсөтүшөт», — деди Азымбакиев.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулун жана ошондой эле,  эки кыргызстандыкты 16-февралга караган түнү атайын жүргүзүлгөн операциянын учурунда кармашып, эки айга тергөө изоляторуна камашкан.

19-февралда Казакстандын башкы прокуратурасынын өкүлү Оксана Лоскутова билдиргендей, аткезчиликке каршы атайын операциянын жүрүшүндө өлкөнүн күч түзүмдөрү 35 адамды, анын ичинде Кыргызстандын үч жаранын кармаган.

Лоскутованын айтымында, шектүүлөр Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу «Азаттык» үналгысына билдиргендей, спикер Дастан Жумабеков жана парламенттин башка өкүлдөрү Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча ишин тергөөгө кийлигишпейт.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков «АКИпресс» басылмасына курган маегинде билдиргендей, Асылбек уулу спортчуларды күрөш боюнча таймаштарга даярдоого катышуу үчүн Алматыга кеткен.  Фракциянын депутаттары өздөрүнүн кесиптеши кармалганын «күтүүсүз» деп аташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: