Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин борбордун жылуулук тармагы 75 млн сом чыгым тартты

Бишкек ЖЭБи

«Бишкекжылуулуктармагы» Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепетинен улам болгон зыянды эсептеп чыкты. Компаниянын маалыматы боюнча, ал 7 күн үзгүлтүккө учураган жылуулук акысын кайра эсептөө менен абоненттерден 73,8 млн сом албай калган.

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, январь жана февраль айларында жети күн үчүн кайра эсептөө жүргүзүлгөнүнүн айынан компанияга 73,8 млн сом түшпөй калган.

Ошондой эле, Бишкек жылуулук борборундагы кырсыктан жана анын кесепетинен улам шаарда жылуулук тармагынын 92 объектиси иштен чыккан. Жалпысынан компанияга аларды оңдоп жана калыбына келтирүүгө 51 өтүнмө түшкөн.

«Алдын ала актылар түзүлдү. Эгерде жабыркагандар зыяндын ордун тургузуу боюнча акчанын өлчөмүнө макул болушпаса, "Бишкекжылуулуктармагы" көз карандысыз баалоочуну тартат», — деп түшүндүрүштү компаниядан.

Ошентип, талаштуу жагдайларды чечүү максатында, көз карандысыз экспертке изилдөө үчүн 11 өтүнмө берилген.

«Иликтөөгө алынган участкалар боюнча зыяндын алдын ала өлчөмү (эксперттердин кызмат акыларын эске албаганда) 460 миң сомду түзгөн», — деп билдиришти «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынан.  

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Үч күн мурун биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өкмөт 26-январда болгон Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрөт деп убада берген.

Ошондой эле, Шадиев убада кылгандай, авария болгон ЖЭБдин эски блогунун имаратын оңдоо жана жылуулоо пландалууда.


ТЕМА БОЮНЧА: