Соттолгон Бектур Асанов да ачкачылык кармоону токтотту

Ачкачылык кармоо токтотулганы боюнча Асановдун бир туугандары кабарлашты. Жалпысынан оппозиционер ачкачылыкты үч аптадан ашуун убакыт кармады. Мурдараак ачкачылык кармоону токтотуу боюнча соттолгондордун дагы экөөсү Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров билдиришкен.

«Азаттык» үналгысы «ачкачылык пландалгандан да бийик максаттарга жетти» деп белгиленген Асановдун билдирүүсүн келтирди.

Асановдун пикиринде, ачкачылыктын башкы талаптарынын бири — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетиши «убакыттын гана иши» болуп калган.

Ошондой эле, оппозиционер саясий күрөштү «мыйзам чегинде» улантаарын убада кылды.

Ачкачылыктын башка мүчөлөрү, камалган оппозиционерлер Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров 21-февралда дарыгерлер менен сүйлөшкөндөн кийин ачкачылык кармоону убактылуу токтотушкан.

Оппозиционерлердин адвокаты Марс Кыдыкбаевдин айтымында, врачтар Карыбеков менен Кадыровго алардын «ден соолуктары өтө зыян тартканын» жана алар «өлүп» калышы мүмкүн экендиктерин ачык кабарлаган.  

Буга чейин 2017-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук сот «бийликти басып алуу аракети» боюнча оппозиционерлер Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду күнөөлүү деп тапкан.

Асанов менен Кадыров мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 12 жылга эрктеринен ажыратылган, ал эми Карыбеков 20 жыл абак мөөнөтүнө кесилген.

2018-жылдын январынын аягында сотттолгон саясатчылар ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев соттун чечимине таасир эткен деп эсептешип, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

14-февралда соттолгон саясатчылардын тарапташтары менен жакындары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн.

Алар бийликтин оппозиционерлер менен укук коргоочуларга каршы куугунтугун токтотууну, мындан тышкары, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбавдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бирок бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: