Кара-Суу: Өз үйүндө «киши колдуу болгон» тургундун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Оштун Кара-Суу районунун тургунун өз үйүндө өлтүрүп, анын 250 миң сомун уурдоого шектелип 24-25 жаштагы карасуулук үч жигит кармалды. Облустук милиция «киши өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кара-Суунун Шарк айыл аймагынын 54 жаштагы тургунун 25-февраль күнү кечинде белгисиз бирөөлөр өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

Аталган кылмышка шектелип 28-февралда Кара-Суу районунун үч тургуну кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева «Клоопко» маалымдады.

«Үйдө жалгыз уктап жаткан маркумду 24-25 жаштагы үч жигит балка, арматура менен башына уруп өлтүрүшкөн. Андан соң 250 миң сом акчасын алып из жашырышкан», — деди Сатарбаева.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, шектүүлөрдүн бири Орусияда маркум менен чогуу иштегендиги аныкталды.

Киши колдуу болгон жаран 2017-жылдын ноябрында Москвадан мекенине кайтып келген.

Ош облустук ИИБси шектүүлөргө карата «киши өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда шектүүлөр Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


ТЕМА БОЮНЧА: