Өкмөт Ош базарындагы өрттөн чыгым тарткан 74 соодагерге жардам берет

Ош базары

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, Ош базарындагы өрттөн улам зыяндын ордун толтурууга өтүнмө берген 150 адамдын ичинен ишкердик патенти 74 соодагерде гана болгон. Аларга патент боюнча төлөм мөөнөтү жарым жылга жылдырылып берилет.

Ош базарында чыккан өрттүн зыянын баалоо боюнча комиссиянын жыйыны 5-мартта өттү. 135 жабырлануучу өтүнмөнү «Сейтек» базарынын атынан, ал эми дагы 15 адам «Берекет Плюс» базарынын атынан беришкен.  

Өтүнмө тапшырган 150 адамдын ичинен 74ү гана иш жүргүзүү патентин көрсөтө алышкан — алар өкмөт патент боюнча төлөмдүн мөөнөтүн жарым жылга жылдырып бере турган тизмеге киришкен.

«74 ишкердин ичинен 32синин гана банкта насыялары бар жана алардын суммасы 50 миң сомдон 2,1 млн сомго дейре жетет. Жалпы сумма дээрлик 17 млн сомду түзөт», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

30-январь күнү эртең менен Бишкектин Ош базарында өрт чыккан. Башында өрт «Сейтек» базарында чыгып, андан соң ал «Берекет Плюс» базарына өтүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоону кечинде гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Алдын ала версия боюнча, өрттүн чыгышына зымдардын тийишип кеткени себеп болгон. Өрт учурунда зыян тарткандар болгон эмес, бирок эки адам газга ууланып медициналык жардамга кайрылышкан.

Кийинчерээк өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрт 118 соода түйүнүн жок кылганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: