«Акылдуу шаардын» ишке кирүү мөөнөтү азырынча белгисиз

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын өкмөтү ири шаарлардын жолдорунда камераларды орнотууга байланыштуу «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кирүү мөөнөтүн азырынча атай албайт. Буга чейин бийлик ал белгисиз мөөнөткө жылдырганын билдиргени менен долбоор январда эле ишке берилиши керек болчу.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» журналистине билдиргендей, долбоорду ишке киргизүүнүн так мөөнөтү боюнча азырынча жооп жок. «Мен бул боюнча эч нерсе айта албайм, бирок жакын арада жооп берүүнү убада кылабыз», — деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлү Мелис Эржигитов да «эч нерсе билбестигин» айтып, маселени өкмөткө буруп койду. «Эгерде өкмөт билбесе, анда биз эмне деп айта алабыз?», — деди ал.

«Хуавэй» компаниясынын пиар-бөлүмүнөн «Клооптун» журналистине кабарлашкандай, камералар Өзбекстанда тесттен өтүп жатат, ал эми аларды Кыргызстанда орнотуунун мөөнөтү азырынча белгисиз.

Буга чейин МККнын төрагалык кызматын ээлеп турган Дастан Догоев январь айында камераларды орнотуунун мөөнөтү белгисиз мөөнөткө жылдырылып жатканын билдирген, анткени «Хуавэй» компаниясы камераларды Кыргызстанга алып келе элек болгон.

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. Долбоорго инвестициянын өлчөмү 60 млн долларды түзөт. Камераларды орнотууга кеткен каражаттар инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөнүп турат.

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруунун мөөнөтү бир жарым жылды түзөт, ал агяна чыккандан кийин камераларды МККга караштуу мамлекеттик «Инфоком» ишканасы башкарат.

Инвестициялык келишимди 2015-жылы каржы полициясы тарабынын «Хуавэйге» карата башталган териштирүүлөрүнүн шартында түзүшкөн — тергөөнүн версиясы боюнча, кытайлык компаниянын Бишкектеги филиалы Эркештамдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулатып көрсөткөн.

Буга байланыштуу каржы полициясы «Хуавэйдин» Бишкектеги кеңсесинин бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Компаниянын Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Учурда бул териштирүүлөрдүн макамы белгисиз, ал эми өкмөт кызматташуу үчүн бул нерседен кандайдыр бир чектөөлөрдү көргөн жок.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эреже бузууларды аныктаган камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар орнотулган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.


ТЕМА БОЮНЧА: