Күндүн саны: Кыргыз футболчулары Азия чемпионатына өткөнү үчүн канча акча менен сыйланышты?

Азия Кубогу-2019 чемпионатынын финалдык бөлүгүнө кыргыз футболчулары өзүнүн дебютун жасады. Кыргызстандын футбол федерациясы улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге 120 миң АКШ долларын сыйлык иретинде тапшырды.

Кыргызстандын футбол курамасы 27-мартта 2019-жылындагы Азия кубогунун чемпионатына тандап алуу баскычында өткөрүлгөн акыркы беттеште индиялык футболчуларды өз талаасында кабыл алып, 2:1 эсебинде утту.

Матчтын аягында Кыргызстандын футбол федерациясы кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин колуна 120 миң АКШ долларын сыйлык иретинде тапшырды.

Федерациянын вице-президенти Дастан Конокбаев улуттук курама акчалай сыйлыкты өздөрү каалагандай жумшаарын «Клоопко» билдирди.

Кыргызстан да, Индия да буга чейин эле Азия чемпионатынан финалдык бөлүгүнө жолдомону камсыз кылып коюшкан. А тайпасындагы лидер болуп турган Индия өз позициясын сактап калды.

Кыргыз футболчулары Азия Кубогу-2019дун финалына 22-мартта Мянма курамасын 5:1 эсебинде утуп алгандан кийин эле жолдомо алган болчу.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө Кыргызстандын күч сынашаары — тарыхый окуя. Анткени буга чейин кыргыз футболчулары бир да жолу финалдык оюндарга катышкан эмес.

Азия чемпионатынын өзү 2019-жылы 5-январдан тарта 1-февралга дейре Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Европа чемпионаты сымал эле бул турнир да кеңейтилген — эми анда 16 кураманын ордуна 24 курама катышат.

Кыргызстан турнирге өтүп кеткен 21-курама болуп калды. Дагы үч команданын тагдыры тандоо айлампасынын жыйынтыктоочу турунда чечилет.

Борбор Азиялык курамалардан турнирге Өзбекстандын жана Түркмөнстандын командалары да өтүүгө үлгүрүшкөн.

Кыргызстан 2019-жылдагы Азия чемпионатына азырынча жалгыз дебютант.