КСДП фракциясы өкмөттүн отчетун «канааттандыраарлык» деп тапты

КСДП фракциясынын депутаттары 11-апрелде өкмөттүн отчетун бир добуштан «канааттандыраарлык» деп тапты. Бул өкмөт отставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө ЖМКлардын билдирүүлөрүнүн шартында болду.

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчетун КСДП фракциясынын депутаттарына көрсөтүп, алар аны «канааттандыраарлык» деп табышты.

Исаков өз отчетунда акыркы жылдары 775 мектеп интернетке кошулганын жана бул өлкөдөгү мектептердин жалпы санынын 55 пайызын түзөөрүн кабарлады. Ошондой эле, ал өкмөт айылдарды таза суу менен камсыздаш үчүн жалпы суммасы 10 млн долларды түзгөн 7 ири долбоорго келишим түзгөнүн кошумчалады.

Жыйын учурунда депутат Мурадыл Мадылбеков өз кесиптештерин өкмөттү оппозициянын «кескин жамандоолорунан» коргоого чакырды.

«КСДПнын депутаттарына кайрылам: палатада оппозициялык фракциянын депутаттары өкмөт банкрот болгонун айтып жатышат. Биз унчукпай отурабыз. Эмне үчүн унчукпай отурасыңар? Эмне үчүн өзүбүздүн жакшы тарабыбызды чыгара албайбыз? Эмне үчүн өзүбүз кураган өкмөттү сактай албайбыз? 25 жылдык тарыхта саясатты түздөп кеткен КСДПдан башка партияны көргөн жокпуз», — деп келтирди Мадеминовдун айткан сөздөрүн «Азаттык» үналгысы.

КСДПнын депуттары премьер Исаковдун отчетун Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин жана «Хуавей», Liglass компаниялары менен түзүлгөн келишимдер жүзөгө ашпай калганы үчүн өкмөттүн оставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө чыккан кептердин шартында «канааттандыраарлык» деп тапты.

КСДП — парламентте 38 орунду ээлеген эң эле ири фракция. Ал «Өнүгүү — Прогресс» жана «Бир Бол» фракциялары кирген акыркы көпчүлүк коалициясын түзгөн.

Конституцияга ылайык, парламент өкмөттү отставкага кетире алат.


ТЕМА БОЮНЧА: