Милиция өрткө байланыштуу «Берекет» базарынын директорун кармады

Ош базарындагы өрт. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Бишкек милициясы 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу иш боюнча «Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов менен техникалык коопсуздук боюнча адис Рашит Сапаевди кармады. Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Бишкек ШИИБнин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына алар 24-апрель күнү кечинде кармалганын билдирди.

«Алар өрт чыгуудан кийин «Техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Аларга айып тагылды», — деди Оморов.

Бул «Берекет» базарындагы өрткө байланыштуу иш боюнча алгачкы кармоолор. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.

«Берекет» базарында 13-апрелде өрт чыгып, тилсиз жоо эки миңден ашуун чарчы метрди каптаган. Ал учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тилсиз жоонун алдын ала келип чыгуу себебин атайын өрттөө деп атаган.

Бишкек боюнча ӨКМ башкармалыгынын начальнигинин орун басары Адилбек Чаргынов «Берекет базарынын» имаратынын борбордук бөлүгүн толугу менен өрт каптап кеткенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: