Акыйкатчы ала качуу үчүн жазаны эки эсе күчөтүүнү сунуштоодо

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев

Акыйкатчы институту никеге туруу максатында кыз ала качуу үчүн жазаны күчөтүүнү, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну, сунуштап жатат. Бул 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу сунушталууда. Бурулайды ала качууга аракет кылган адам милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев 31-майда билдиргендей, Кыргызстан акыркы убактарда никеге туруу максатында кыз ала качууга каршы кабыл алган чаралар «жетишсиз».

Оторбаев ала качуу үчүн эркинен ажарытуу мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин көбөйтүү менен жазаны күчөтүп, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштамакчы болуп турат. Бул үчүн акыйкатчы кылмыш беренесинин «Үй-бүлө мамилелеринин салттарына каршы кылмыштар» категориясын «Кишинин жеке эркиндигине каршы кылмыштар» беренесине алмаштырууну сунуштап жатат.  

Акыйкатчынын билдирүү таратуусуна милиция бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын ала качкан эркек киши тарабынан бычакталышы себеп болгон. Кол салуунун натыйжасында Бурулай ооруканада каза тапкан.

«Кыз ала качууга катуу бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы боюнча жаза алышы керек. Тилекке каршы, Бурулай бир гана ала качуунун эмес, ырайымсыз өлүмдүн курмандыгы болуп калды, бул үй-бүлө куруу жөнүндө туура эмес түшүнүктөрү бар жаңы муундун деградациясы жөнүндө айтып турат», — деп айтылат акыйкатчы институтунун маалыматында.

Андан сырткары, Оторбаев өз билдирүүсүндө кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген ИИБдин кызматкерлери «адам өлтүрүүгө катышуу үчүн» жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: