Депутат Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Алмамбет Шыкмаматов

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу менен парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөттү. Сот 2017-жылдын аягында депутатты Эсеп палатасына кымбаттатылган баада машина сатуу боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом штраф салган.

Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова  сот Шыкмаматовдун ишин анын өтүнүчүнүн негизинде кайра тергөөгө жөнөткөнүн «Клооптун» кабарчысына кабарлады.

«Биз буга кубанычтабыз. Бир эле нерсе үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылбайт, бул негиздер боюнча иш токтотулган болчу. Туруп-туруп эле кайра соттой башташкан», — деди адвокат.

Депутат жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши 2017-жылы февралда «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон. Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

Шыкмаматов 2011-жылы аудитор болуп туруп тендердик өтүнмөгө өз аялынын 14,5 миң долларлык «Мерседес-Бенц Е320» үлгүсүндөгү машинасын кошуп койгон делип айыпталган. Ал учурда машинанын баасы 10 миң доллардын тегерегинде болгон.

Биринчи май райондук соту аны 2017-жылы декабрда күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом штраф салуу өкүмүн чыгарган.

Ал эми депутат өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп айткан.

«Сот мага карата туура эмес кылмыш ишин козгошкон тергөө менен прокуратураны жашыруу үчүн мени күнөөлүү деп тааныды. Менин эч бир күнөөм жок. Ал жакта кылмыштын курамы дагы эмес, кылмыштын өзү дагы жок», — деген ошондо саясатчы.

Шыкмаматовго каршы иш 2017-жылы анын «Ата Мекендеги» бир нече партиялаштарына карата кылмыш куугунтугу жүрүп аткан шартта козголгон — мисалы, ошондо партиянын лидери Өмүрбек Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган, ал эми «Ата Мекендин» башка депутаты Аида Саляновага карата өкүмдүн аткарылышы 2029-жылга чейин жылдырылып, беш жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган.

Алардын баары тең — Текебаев да, Салянова да, Шыкмаматов да — ошол кезде президенттик кызматта турган Алмазбек Атамбаевдин сынчылары болушкан.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыкка шайлангандан кийин жарым жыл өтүп, анын жана Атамбаевдин командасынын ортосунда тымызын тиреш башталган — бул мурдагы президентке жакын адамдардын өкмөттөгү негизги кызматтардан отставкага кетүүлөрүнө жана бир нече эпизоддор боюнча кылмыш иштеринин козголушуна алып келген, мисалы, Бишкектин жылуулук борборун жаңыртуунун айынан.

Бирок эки тараптын бири да саясатчылардын ортосундагы араздашуунун бар-жогун түзмө-түз тастыкташа элек — мисалы, Атамбаев өзүнүн акыркы билдирүүсүндө анын үзөңгүлөштөрүн Жээнбеков эмес, анын айланасындагылар куугунтуктап жатат деп айыптаган. Ал эми Жээнбеков өзү бул иштерге азырынча комментарий бере элек.


ТЕМА БОЮНЧА: