Парламент Токон Мамытовду акыйкатчы кылып тандады

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 79у КСДПдан акыйкатчылык кызматка көрсөтүлгөн Мамытов үчүн добуш беришти.

Башка талапкерлер үчүн бир аз эле добуш чогулду: укук коргоочу Рита Карасартова — 9 добуш, юрист Канатбек Азиз — 15, башкы прокурордун мурдагы орун басары Рыскул Бактыбеков — 6.

Депутаттардын бир бөлүгү Мамытовго каршы болушту. «Ата Мекен» фракциясындагы Наталья Никитенко Мамытов укук коргоо органдары менен УКМКда иштегендиктен акыйкатчылык кызматты ээлей албайт деп эсептейт.

«Токон Мамытов мындай кызматтык тизмеси менен кантип системага каршы бара алмак эле? Ал системанын ичинен чыгып жатпайбы», — деди депутат.

Башка депутат Бахадыр Сулейманов да Мамытовду сынга алып, аны мыйзам бузуу үчүн айыптады. Депутаттын айтымында, Мамытов эки мамкызматта айкалышытырып иштеген. Ал: Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясы жана премьер-министрдин кеңешчиси.

Мамытов акыйкатчылык кызматка талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп турган кезде эле көрсөткөн. Буга чейин ал өмүр бою күч органдарында иштеген.

Ал эми Мамытов өзү күч органдарындагы тажрыйбасы акыйкатчынын ишинде, тескерисинче, кайрадан жакшы көрүнүш деп эсептейт, анткени чалгындоо органдары «жарандарды жана бүтүндөй мамлекетти коргоонүн» үстүндө гана иштейт.

«Мамлекеттик коопсуздук комитетиндеги ишим боюнча мен көптөгөн кылмыш иштерин алып баргам. Далилдерди чогултуп, сотторго катышып, ал жактардан сөз сүйлөп да чыкчумун», — деп билдирген ал.

Мамытов эмгек жолун 1980-жылы Ысык-Көл облусу боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) башкармалыгынын кызматкери катары баштап, ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан кийин МККнын ордуна түзүлгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) иштөөгө өткөн.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторобаев соттук жана укук коргоо тутумдарында кескин реформалар болбосо жарандардын укуктарын коргоо мүмкүн эмес деп билдирип, отставкага кеткен.