30-сентябрда мурдагы теле алып баруучу, учурдагы Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова өз инстаграмында 6-7 миң сом өлчөмүндөгү пенсияга дүйнө кыдырса болоорун жазган (кийинчерээк ал постун оңдоп койгон).

«198.5 км² жерден [Кыргызстандан] башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар. Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо маңызы...Генетикалык кедейчиликтен арылуу...», — деп жазган ал өз постунун жаңы версиясында.

Мамытованын жеке барагындагы пост жаңылыктар үчүн тема болуп берип, бул тууралуу Кыргызстандын дээрлик бардык онлайн басылмалары жазып чыгышты. Ошентип бир ызы-чуудан кийин министрдин орун басары кийинкисинин, бул ирет пенсияларга байланыштуу чуунун, каарманы болуп калды, болгондо да Карылар күнүндө.

Коомдук тармактарда Мамытованын билдирүүсү («Саякатташ үчүн эртерээк пенсияга чыксам экен») деген мыскылдан баштап, милдетине пенсионерлерге кам көрүү кирген аткаминер айымдын отставкасын талап кылганга дейре жагымсыз эмоциялардын чыгышына түрткү болду.

Бул шакабалуу жана каардуу твиттерди окуп көрүңүз:

Статистикага каршы

Балким Мамытова туура айтаттыр. Кыргызстанда пенсиясын топтоп саякаттаган пенсионерлер бар болушу мүмкүн. Бирок маселе расмий статистика министрдин орун басары менен макул эместигинде болууда.

2017-жылга карата маалымат боюнча Кыргызстанда пенсиянын орто көлөмү 5,5 миң сомдон бир аз көбүрөөк. Ал эми бул 4,4 миң сомдук тиричилик кылуу үчүн керектелген минимум каражаттан анчейин деле көп эмес, тагыраагы пенсионерлер ачкадан, кийим-кеченин жетишсиздигинен же жылуулуктун жоктугунан тоңуп өлбөгөө мүмкүндүк берген көрсөткүчтөн болгону орточо 1100 сомго көбүрөөк алышат.

Мале, Малдив Республикасынын борбору

Эгер бир пенсионер бул орточо статистикалык 1100 сомду чогултса, анда ал бир аптага жашоосу жана билети эң арзан Малдив аралдарына бара алат. Болгондо да бул пенсияга чыккан соң тогуз жылдан кийин, 63 жашта гана болот.

Маселе орто статистикалуу пенсионер Малдив аралдарына барганга чейин жашабай калышы мүмкүндүгүндө болууда. Статистика эркек киши көбүнесе жүрөк же онкологиялык ооруларга байланыштуу 67-68 жашында өлөөрүн айтууда (аялдардын болсо Малдив аралдарын көрүүгө мүмкүнчүлүгү бир аз көп, алар орточо 76 жашка чейин жашашат, бирок өлүмдүн себептери аларда да ошондой эле).

Пенсияга чыгып иштөө

Бирок, эгер ойлонуп көрсөк, Мамытова жазгандай, пенсия алып, ошол эле учурда иштесең саякатоого болот.

Чынында, эгер акчаңды үнөмдөп, минимум каражатка жашап, ай сайын 1100 сомдон чогултуп, анан ай сайын орто статистикалуу 15 миң сомду алсаң, анда Малдив аралдары жакыныраак болуп калабы?

Ооба дагы, жок дагы.

Иллюстрациянын автору: Дарья Удалова

Мамытова иштеген Эмгек жана соцөнүгүү министрлигиндеги чындык менен статистика пенсияга дээрлик жашоого мүмкүн эместигин айтууда — эптеп жан бакса болот, бирок өзүңдү толук кандуу камсыздалгам деп сезе албайсың, ошондуктан пенсионерлердин жарымынын бардыгы ошол эле учурда иштөөгө аргасыз.

Кыргызстанда пенсионерге жумуш табуу оңой-олтоң нерсе эмес. Буга чейин июлда улгайып калганы үчүн эле жумуштан айдалган адамдардын окуяларын чогултканбыз (айымдар жана мырзалар, бул нерсени эйжизм деп коюшат).

Анысы аз келгенсип мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер үчүн мыйзамдаштырылган эйжизм бар. Эгер жашыңыз 65тен өйдө болсо, анда сиз кызмат үчүн жараксызсыз. Бир четинен — бул жаштар үчүн жол ачуу, а башка жагынан — бул улгайгандар үчүн мүмкүнчүлүктүн аздыгы.

Албетте, эгер көпчүлүктүн көйгөйүнөн оолактап, минимум каражатка жашаган жумушу жана пенсиясы бар ийгиликтүү пенсионерди таап көрсөк, анда Малдив аралдарындагы арзан эс алуу 7 жылдан кийин мүмкүн болот — ушул учурда гана Мамытованын айтканы туура болушу ыктымал.

Бирок министрдин орун басарынын дал ушул тажрыйбасыздыгы, анын айткандары менен Кыргызстандагы улгайган адамдардын жашоо шартынын дал келбей атканы, кыжырды кайнатууда. Карыялар жакынкы чет өлкөдөн тышкары башка жактарга анда-санда чыгып, жакыр жашап, эптеп-септеп күн кечирип келишет.

Азырынча бизге мурдагы теле алып баруучунун кооз гүлдү жыттап, инстаграмдагы шыктандырган сүрөттөрүн көрүп; генетикалык кедейчиликтен баш тартып; жашоо кандай сонун экенин карап туруубузга туура келүүдө.

Ыракмат, урматтуу министрдин орун басары, биз аракет кылабыз.

Малдив аралдарына чыгымдарды эсептөөгө Алексей Журавлёв жардам берди.