UEFA кыргызстандык Илзат Ахметовду Европа футболунун потенциалдуу жылдызы деп атады

Илзат Ахметов. Сүрөт: ЦСКА

Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (UEFA) репортерлорунан 2019-жылы Европа футболунун жылдызы боло алчу жаш балдардын тизмесин түзүүлөрүн сураган. Топ-50 оюнчулардын катарына Кыргызстандын 21 жаштагы атуулу, москвалык ЦСКАнын жарым коргоочусу Илзат Ахметов кирген.

Жалпысынан тизмеге орус футбол оюнчуларынын арасынан экөө гана кирген: биринчиси — Ахметов, экинчиси — ЦСКАнын дагы бир оюнчусуну Федор Чалов.

«Кыргызстандын атуулу 16 жаш жана 8 ай курагында “Рубиндин” (Казандагы футболдук клуб) тарыхындагы эң жаш дебютант аталган. Ушул күздө Илзат Чемпиондор Лигасында ЦСКАнын негизги курамында ойногон. Жакында эле Орусиянын 2018-жылдын эң мыкты жаш футболчусу болуп таанылган», — деп UEFAнын репортерлору жазып чыгышкан.

21 жаштагы Илзат Ахметов Бишкекте туулуп, мектеп курагында жергиликтүү «Алга» клубунда ойногон. Орусияга көчүп кеткенден кийин Толятидеги футбол академиясына тапшырып, 16 жашында «Рубиндин» эң жаш футболчусу аталган.

2018-жылы Ахметов москвалык ЦСКА менен төрт жылдык контракт түзгөн. Анын курамында Чемпиондор Лигасынын төрт матчын ойноп, анын экөөсүндө испандык «Реал» жана италиялык «Рома» командаларына каршы оюнга чыккан. «Ромага» каршы оюнда Ахметов гол алып келген чыгарып берүүсү менен айырмаланды.

Илзат Ахметов Чемпиондор Лигасынын негизги баскычында ойногон алгачкы кыргызстандык болду. 2018-жылдын жарымында Ахметов ЦСКАнын курамында 18 матч өткөргөн.

Ноябрда Ахметовду Орусиянын курама командасына чакырышкан, бирок ийининен жаракат алганына байланыштуу дебют кыла алган эмес. 2018-жылдын аягында Орусиянын футбол биримдиги Ахметовго Орусиянын мыкты жаш футболчусу деген «Биринчи бешилик» наамын ыйгарган.

Декабрда орусиялык блогер Евгений Савин Ахметов тууралуу 24 мүнөттүк видео тартып, видеодо оюнчунун москвалык ЦСКАнын спортзалындагы иш күндөрү жана анын жетишкендиктерин телевизордон көрүп жаткан үй-бүлөсү көрсөтүлгөн.

Ошол эле видеодо Ахметов фанаттарынын «Эмнеге Кыргызстан курама командасына ойнобойсун? Эмнеге жарандыкты алмаштырып Орусияга көчүп кеттиң?» деген сыяктуу суроолоруна жооп берген.

«Кемсинткендери мени капалантат. Бирок жүрөккө жакын албаганга аракет кылам. Ким менин абалымды түшүнсө, ал туура мамиле кылат. Мен Кыргызстанды саткан жокмун, тескерисинче, төрөлгөн өлкөмдүн атагын чыгаргым келет», — дейт футболчу.