Премьер-министр Абылгазиев түкүрүү боюнча айып пулдун өлчөмүн карап чыгууну сунуштады

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көчөдө түкүрүүгө салынган айып пулдун өлчөмүн карап чыгуу керектигин билдирди. Жаңы жылдан тарта «белгиленбеген жерде» түкүрүү боюнча айып пулдун өлчөмү 5500 сомду түздү.

Бул тууралуу премьер-министр 8-январда жаңы кодекстер менен мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча кеңешмеде билдирди.

«Албетте, биз жарандардагы коомдук аң-сезимди жана коомдогу жүрүм-турум тажрыйбасын калыптандыруу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айып пулдук санкцияларды колдонуу — бул бүгүнкү күндөгү объективдүү зарыл чара деп эсептейм. Түкүрүү — бул албетте терс көрүнүш, бирок биз ал үчүн салынган айып пулду карап чыгышыбыз керек», — деди Абылгазиев.

2019-жылдын 1-январынын тарта күчүнө кирген түкүрүү үчүн 5500 сом өлчөмдөгү айып пул коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратып, ал эми Кыргызстандык Рамис Закирияев айып пул күчүнө киргенден кийин тасма да тарткан. Видеодо ал элге кайрылуу жасап, өлкө башчыларын сынга алып, Жогорку Кеңештин дубалына түкүргөн. Андан кийин капчыгынан 5500 сомду алып чыгып, айып пул төлөөгө даяр экенин билдирген.