2200 сом — бийликтегилер ОСАГОнун жылдык орточо баасын эсептеп чыгышты

Мамфинкөзөмөл ОСАГОнун жылдык орточо баасын 2210 сом кылууну сунуштады. Камсыздандыруунун баасы 1,6 миң сомдон 6,5 миң сомго чейин — автоунаанын түрүнө жана айдоо тажрыйбасына көз каранды болот.

Мамфинкөзөмөл жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча акыркы бааны январдын аягына чейин жарыялоону убада кылды.

Ведомствонун басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине түшүндүргөндөй, камсыздандыруунун баасын ар бир айдоочуга анын камсыздандыруу компаниясы эсептеп берет. Баа автоунаанын түрү жана абалына, унаа ээсинин айдоо тажрыйбасына жана анын жол кырсыктар статистикасына көз каранды болот.

Айдоочу канчалык көп аварияга кабылса, анын камсыздандыруу боюнча төлөмдөрү да ошончо кымбат болот. ОСАГО полиси авариядан жабыркаган тарап келтирилген зыян менен жаракаттардын компенсациясын алуусу үчүн керек.

ОСАГО полисинин бар болуусу шарт — антпесе автоунаа ээсине айып пул салынышы мүмкүн. Жеке адамдарга салынуучу айып пул 3000 сомду түзөт, ал эми юридикалык жактарга — 13 миң сом.

Бийликтегилердин ОСАГОну киргизүү аракеттери

Алгач автоунаалары Кыргызстанда катталган айдоочулар ОСАГОну 7-февралга чейин катташы керек эле. Бирок, полисти азыркыга чейин сатып алуу мүмкүн эмес — камсыздандыруу компаниялары керектүү лицензияларды алыша элек, андыктан алар автоунаа ээлерине кызмат көрсөтө албайт.

Ошондуктан, Мамфинкөзөмөл ОСАГО камсыздандыруу полисинин жок болгону үчүн айдоочуларга айып пул салууну 2019-жылдын августуна чейин жылдырууну сунуштаган. Ведомствонун ушул долбоору өкмөттүн карап чыгуусуна жиберилген.

Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШдагы өлкөлөрдүн арасында ОСАГО киргизе элек жалгыз мамлекет.

Азыркы ОСАГОну киргизүү — бул бийликтегилердин экинчи аракети. ОСАГО боюнча мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылы февралда иштеп башташы керек эле. Бирок жыйынтыгында парламент ОСАГОну киргизүүнү 2019-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу чечимине келишкен.

Авторлошу: Эмил Султаналиев