Өкмөт «Мегакомду» сатпай турган болду

«Мегаком» компаниясынын Бишкектеги кеңсеси

Бул тууралуу «Мегакомдун» башчысы Акылбек Жамангулов билдирди. Анын айтымында, чечимди президент Сооронбай Жээнбенков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колдогон. Буга чейин байланыш операторун бир нече жолу сатууга аракет кылышкан.

Акылбек Жамангулов компанияны сатуудан баш тартууну «Азаттыкка» курган маегинде «саясий чечим» деп атаган.

«Компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100 пайыз мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания курууга аракеттенип жатабыз», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, мындай чечимди президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алышкан.

Жамангулов акыркы беш жылда байланыш оператору мамлекетке 20 млрд сом дивиденд төлөгөнүн кошумчалады.

Акылбек Жамангулов «Мегакомду» 2018-жылдын 24-октябрында жетектей баштаган. Буга чейин ал «Республика — Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болгон.

«Мегакомду» сатуу

Байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылдан тарта иштей баштаган. Ал эми 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин компания улутташтырылган.

Бийлик «Мегакомду» 2015-жылдан тарта бир нече жолу сатууга аракет жасаган. Башында компаниянын баасы 19 млрд сом деп белгиленген, бирок сатып алуучулардын жоктугунан улам анын баасы 13,5 млрд сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Байланыш операторун сатып алууга ниетин билдирген акыркы компаниялардын бири Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге жана анын өнөктөштөрүнө байлыныштуу экени белгилүү болгон.

Авторлошу: Асел Осмонгазиева