Кыргызстандык Якутияда зордуктоого шектелүүдө. Бул мигранттарга карата турмуштук улутчулдуктун толкунун жаратты

Якутсктун тургундары митингде. Сүрөт: news.ykt.ru

Саха (Якутия) Республикасы боюнча Тергөө башкармалыгы билдиргендей, Якутсктун тургунун зордуктоого шектелип кыргызстандык кармалды. Шектүү 17-мартка караган түнү аял кишини күч менен машинасына салып, аны башка бир жерге алып барып зордуктаган.

Андан кийин жабырлануучуну өз тааныштарынын автоустаканасында калтырып кеткен. Жабыр тарткан аял эркектердин уктап калышын күтүп, андан кийин устаканадан качып чыгып, полицияга кайрылган.

Полиция шектүүнү 18-мартта кармап, ага зордуктоо боюнча айып таккан. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Анын тааныштарына каршы «Алдын ала сүйлөшүү боюнча эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Якутиянын тергөө органдары улуттар аралык жаңжалга жетпеши үчүн жергиликтүү тургундарды ар кандай аракеттерге барбоого чакырган.

«Тергөө органдары кылмыштуулуктун улуту жок экенине көңүл бурушат. Жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштуу кол салуу ар кандай элдердин социалдык курак жана макамдагы адамдар тарабынан жасалат», — деп билдиришти Тергөө башкармалыгынан.

Саха Республикасы боюнча Тергөө башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2018-жылы жыныстык эркиндик жана жыныстык кол тийбестикке каршы 296 кылмыш катталып, анын ичинен төртөөсүн чет элдиктер жасаган.

Ошол эле маалда Якутсктун мэри Сардана Авксеньтьева такси кызматтарынын, ишканалардын жана жалпы тамактануучу жайлардагы кызматкерлердин жашоого уруксат кагаздарын жана документтерин текшерүүнү демилгеледи.

Улутчулдуктун толкуну

Жергиликтүү аялдын зордукталгандыгы тууралуу жаңылык Якутсктун тургундарынын нааразычылыктарын жаратып, алар 17-мартта шаардык аянттагы «мигранттарга каршы митингге» чыгышкан.

WhatsApp тайпаларда мигранттарды жазалоо, коркутуу каттары жайыла баштаган. Андан тышкары, Борбор Азиянын атуулдары көрсөткөн кызматтардан колдонбоо чакырыктары пайда болгон.

«Кыскача айтканда, бүгүнкү күндөн тарта якуттар башка жактан келгендердин кызматтарынан колдонушпайт: жер-жемиштерди сатып албагыла, автосервистердин кызматтарын колдонбогула, эгер айдоочунун улуту башка болсо таксиге отурбагыла, кафеге кирбегиле, эч нерсе сатып албагыла», — деп айтылат кабарлардын биринде.

Якутск тургундарынын бир бөлүгү Борбор Азиялык мигранттарды коомдук жайларда суракка алгандарын, аларды ишканаларын «жабууга» жана «үйлөрүнө кайтууга» чакырып, аны видеого тартып башташкан.

Кыргыз делегациясы Якутияга учуп кетти

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Клоопко» билдиргендей, Якутиянын бийлиги менен жолугушууга Бишкек жана Москвадан делегаттардын биргелешкен тобу учуп кеткен.

Делегациянын курамына Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңешчиси Дастан Ниязалиев, Кыргызстандын Орусиядагы маммиграциясынын өкүлү Жаркынай Галиева жана Орусиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкери кирген.

«Биз зордуктоо боюнча маалыматты соц тармактардан уктук. Биздин делегация Якутсктун маморгандары жана мекендештерибиз менен жолуккусу келет», — деди Байымбетова.